Орусия Кыргызстандын дээрлик 500 миллион доллар карызын кечти

Орусия Кыргызстандын дээрлик 500 миллион доллар карызын кечти бул Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы кечилген эң ири көлөмдөгү карыз.

Бүгүн, 20-сентябрда Орусия Кыргызстандын 189 миллион доллар карызын кечти, калган 300 миллион долларды 2016-жылдан баштап 10 жылдын аралыгында аз-аздап кечет.

Макулдашууга Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон иш сапары учурунда кол коюлду. Тараптар Камбар Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСти куруу боюнча макулдашышты.

Жолугушуулардын жүрүшүндө өлкө башчылары Кыргызстандын аймагында биргелешкен орусиялык аскер базасын тузүү боюнча макулдашууларга кол коюшту.

«Силердин өлкөнүн мурунку жетекчилиги менен мамилебиз татаалдашкан  учурлар болгон, бирок биз мындан аркы кызматташууну пландап жатабыз», — деди Путин.

2012-жылдын башында Түркия Кыргызстандын 48,5 миллион доллар карызын кечкен – бул өлкөнүн эгемен тарыхындагы кечилген эң ири карыз болуп эсептелип келген.

2012-жылдын июлуна карата Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиард 800 миллион АКШ долларын түзөт.

Автор: Азат Рузиев

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков