«Колдо жасалган вакцинанын» айынан Жалал-Абад облусунда 1700дөн ашык кой кырылды


Жалал-Абал облусунун Сузак районундагы малдын кырылышы Өзбекстандан алынып келинген колго жасалган вакцина менен эмделгенден кийин сентябрдын ортосунда башталган. Малдын кырылышынан улам облустун бир катар райондорунда кой этин сатууга тыюу салынды.

Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Самат Алиев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында өткөн аптада эле Сузак районунда 1751 кой өлгөндүгүн билдирди.

Чиновник малдын кырылышына Өзбекстандан аткезчилик менен алынып келинген чечек оорусуна каршы «колдо жасалган» вакцинаны колдонуу себеп болгондугун айтты.

Сузак районунун акими Нурболот Мирзахмедов малдын кырылуусу тууралуу билдирүүлөр 17-сентябрдан баштап келе баштагандыгын «Клоопко» билдирди.

«Малдын чечек оорусуна каршы дарысы Өзбекстандан аткезчилик жол менен алынып келингендиги аныкталды. Эмдөө 8-сентябрдан жүргүзүлө баштаган жана дарынын үч миңдей дозасы колдонулган», — деди чиновник.

Мирзахмедов 21-сентябрдан баштап Сузак районунда карантин киргизилгендигин билдирди. Райондун чыга беришинде мал догдурлары менен милиция кызматкерлеринен турган санитардык кароолдор орнотулган. Райондон мал алып чыгууга тыюу салынды.

«Кой эти коомдук жерлердеги сатыктан жана колдонуудан алынды, уй менен жылкынын гана эти калтырылды. Менин маалыматым боюнча, кой этин сатууга Жалал-Абад шаарында, Ноокен жана Базар-Коргон райондорунда да тыюу салынган», — деп билдирди район башчысы.

Адамдарга коркунучу жок

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 4500дөн ашык жергиликтүү жашоочу чечек оорусуна каршы сапатсыз дары менен эмделген койлордун этин жеген. Бирок азырынча адамдардын ооругандыгы катталган жок.

«Медицина тармагындагы адистер белгилегендей, ал уулу заттар кайнатуу учурунда бөлүнүп, өлүп калат. Ошондуктан этти жегендердин арасында ооруп калган бир дагы адам жок», — деп жазылган Саламаттык сактоо министрлигинин пресс-релизинде министрдин орун басары Марат Калиевдин сөзү.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кой этин жеген бардык жашоочулар каттоого алынган, а жергиликтүү ооруканаларда дары-дармектер камдалып, кошумча бөлмөлөр даярдалган.

Мындан сырткары Сузак районуна Бишкектен жана Ысык-Көл облусунан эки медициналык топ жөнөтүлдү.

Медицина кызматкерлери мал кырылган жана кой этин жеген адамдар катталган айыл өкмөттөрүнүн жашоочуларын текшерет.

Жалал-Абад облустук ИИБсинин басма сөз катчысы Таалайбек Сусунбаев малдын кырылгандынан улам 269-(ветеринардык нормаларды бузуу), 316-(кош көңүлдүк) жана 204-(аткезчилик) беренелери боюнча кылмыш иши козголгондугун «Клоопко» билдирди.

Автор: Аскар Акталов

Редактор: Бектур Искендер

Сүрөттүн автору: Ggia