Түлеевдин камактагы мөөнөтүн узартууну башка судья карайт

Биринчи май райондук сотунун судьясы Бекболот Жаналиев ишти кароодон баш тартты – муну «коррупцияга» күнөөлөнүп жаткан депутат Нариман Түлеевдин жактоочулары өтүнүшкөн. Эми Түлеевдин камактагы мөөнөтүн узартуу маселесин башка судья карайт. Мамлекеттик айыптоочу мурунку шаар башчысынын камактагы мөөнөтүн 15-ноябрга чейин узартууну соттон өтүнүп жатат.

Биринчи май райондук соту Түлеевдин камактагы мөөнөтүн узартуу маселесин 8-октябрда карашы керек болчу – аны Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерди жасаган деп күнөөлөп жатышат.

Парламентарийдин жактоочулары Султан Баратов менен Кубанычбек Ташбалтаевдер судья Жаналиевди «калыс эмес» деп эсептешкен — Жогорку сот августтун аягында Жаналиевадин Түлеевди тергөө абагына камоо чечимин негизсиз деп таап, депутатты үй камагына кое берүү чечимин чыгарган.

Бирок ошол эле күнү башкы прокуратура мурунку шаар башчысына карата дагы бир кылмыш ишин козгогон, буга байланыштуу чиновник камактан чыгарылбай калган.

Сот жактоочу тараптын өтүнүч катын канааттандырды. Азырынча Түлеевдин камактагы мөөнөтүн 15-октябрдан 15-ноябрга чейин узартуу маселесин кайсыл судья карайт белгисиз.

8-октябрда сот имаратынын алдында 80дей киши чогулду — алар депутатты колдоп тынчтык митингин өткөрүштү.

Буга чейин, 2012-жылдын августунда Биринчи май райондук соту Түлеевди 15-октябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Жактоочулар бул чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан, бирок шаардык сот алардын өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Депутат биринчи иши боюнча 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөнүп жатат. Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, ал 200 кытай автобусун жогорулатылган баада сатып алган.

Экинчи иш боюнча Башкы прокуратура мурунку шаар башчысы 2008-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасына таштанды ташый турган унааларды алып келүүдө мыйзам «бузгандыгын», ошондой эле Шопоков көчөсүндө жайгашкан мурунку бала бакчанын имаратын «мыйзамсыз» саткандыгын аныктаган.

Депутаттын өзү айыптоолордун бардыгын четке кагып жатат. Түлеевдин жактоочулары ага карата козголгон кылмыш ишин «саясий буйрутма» деп эсептешүүдө.

Автор: Азат Рузиев

Редакторлор: Александра Ли жана Зарема Султанбекова