Дүйнөлүк тынчтык Нобель сыйлыгына Отунбаева эмес Европа биримдиги ээ болду

Дүйнөлүк Нобель сыйлыгына талапкер болгондордун арасында Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева да болгон. Бирок Норвегиялык Нобель комитети сыйлыктын лауреаты наамын Европа биримдигине берүүнү ылайык көрдү.

Быйыл тынчтыкты бекемдөөдөгү жетишкендиктери үчүн негизги сыйлыкка 27 европалык өлкөнү бириктирип турган Европа биримдиги ээ болду.

Сыйлык «Европадагы адам укуктарын 60 жыл сактагандыгы жана аймакты бириктирүүдөгү узак мөөнөттүү ролу» үчүн Европа биримдигине тапшырылды.

Сыйлык үчүн 231 талапкердин арасында экс-президенти Отунбаева да болгон — аны талапкер катары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы дипломатиялык академия көрсөткөн.

Сыйлыктар менен 1 жана 2 миллион АКШ долларын расмий тапшыруу аземи 2012-жылдын 10-декабрында, Норвегиянын борбор шаары Ослодо болот.

Kloop.kg Отунбаева менен байланыша алган жок.

Андан сырткары талапкерлердин тизмесинде Казахстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Украинанын мурунку премьер-министри Юлия Тимошенколор да болушкан.

Кыргызстандын ТИМи кандай эмгектери үчүн экс-президентти сыйлыкка талапкер катары көрсөткөндүгүн Kloop.kg тактай алган жок — мекеменин басма сөз катчысы комментарий берүүдөн баш тартты.

Отунбаева 2010-жылдын 7-апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүн жетектеген.

Кийинчерээк, 2010-жылдын июлунда өлкө президенти болгон, ал эми 2011-жылдын декабрында бийликти тапшырып берип кеткен.

Учурда Отунбаева Көз карандысыз мамлекеттердин өлкөлөр аралык гуманитардык кызматташуу фондусунда Кыргызстандын толук ыйгарымдуу өкүлү.

Авторлор: Нурсултан Амангулов жана Мария Гребнева

Редактор: Зарема Султанбекова