ӨКМ: Кардын калың жаагандыгынан улам Бишкек-Ош унаа жолу жабылды

18-октябрь күнү кечинде кар менен муздан тазаланганга чейин стратегиялык маанидеги Бишкек-Ош унаа жолу жабылды, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. Мекеменин маалыматы боюнча, кечээ көп жааган кардан жана бурганактан улам Төө-Ашууда 500дөн ашык унаа тыгында калган.

Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырып турган унаа жолунун качан ачылаары азырынча так белгисиз, дейт министрликтин басма сөз катчысы.

Жол аркылуу жүк унааларынын өтүүсүнө тыюу салынды. Чүй облусунун Сосновка, Таластын Талды-Булак жана Жалал-Абаддын Арал айылындагы өтмөктөрү аркылуу жеңил унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилди, деп кошумчалады басма сөз катчы.

ӨКМдин ыкчам тобунун жетекчиси Муханбет Суваров Kloop.kgге берген маегинде учурда унаа тыгыны жок экендигин айтты.

«Кечээки түнү бурганак болгон, ал жолго кар толтуруп азыр тайгак болуп атат. Кышкы дөңгөлөккө өтпөгөн унаалар көп болгон, алар бийигирээк жерлерге чыга албай калгандыктан тыгын пайда болду. Ошондой эле алар техниканын толук көлөмдө иштөөсүнө тоскоолук кылды», – дейт Суваров.

Кар токтоду, деп кошумчалады ыкчам топтун жетекчиси.

«4 саат тыгында»

Алай райондагы Гүлчө айылынын жашоочусу Кыял кечээтен бери Бишкектен үйүнө жете албай жатат — ал Төө-Ашуудагы тыгынга туш келип, ал жерде төрт саат турган.

«Жолго кум себилген эмес, ӨКМ менен МАИ кызматкерлери эки тарапка бир-бирден унааларды өткөрүп жатат [...] Көпчүлүгү кар жөнүндө билишкен эмес, жайкы дөңгөлөктөр менен болушкан», – деди Кыял Kloop.kgге берген маегинде.

Ашуудагы унаа тыгынына туш келип калган айдоочу Мамыт Сулайманов Kloop.kgге берген маегинде жол аркылуу өтүү «өтө кыйын» болуп жаткандыгын айтты – Төө-Ашуу менен Суусамырда 30 см кар жатат.

Бишкекке быйылкы биринчи кар 18-октябрда жаады, борбордун жашоочулары кар жаагандын мурунку күнү эле жеңил кийинип жүрүшкөн.

Авторлор: Александра Ли жана Дастан Үмөтбай уулу