Милиция Айтбекованын «Супер-инфонун» журналисттери тарабынан уурдалышын териштирет

Кылмыш иши «Аалам сырлары» теледолбоорунун алып баруучусу Назира Айтбекованын «Супер-инфо» гезитинин журналисттери тарабынан «уурдалгандыгы» фактысы боюнча козголгон. Милиция азырынча басылманын кызматкерлерин кармабайт.

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү (РИИБ) Айтбек Аргынбаев кылмыш иши «адам уурдоо» жана «бейбаштык» беренелери боюнча козголгондугун Kloop.kgге билдирди.

Анын биринчи беренеси боюнча кылмыш кылгандарга үч жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу, ал эми экинчи берене боюнча – төрт жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

«Эгер керек болсо биз аларды [Айтбекованы уурдагандарды] кармайбыз. Эгер алардын качып кетүү же тергөөгө тоскоолдук кылуу мүмкүндүгү болсо анда биз албетте, чараларды көрөбүз», – дейт Аргынбаев.

«Супер-инфонун» кызматкерлери 5-ноябрда журналисттер менен болгон жолугуусунда Айтбекованы уурдап кеткендиктери үчүн андан кечирим сурашкан.

«Биздин күнөөбүз — тамашаны убагында токтотпогондугубуз. Назирадан, анын жолдошу жана туугандарынан кечирим сурайбыз», — деген басылманын кабачысы Бахиана Сатылганова.

Өз кезегинде Айтбекова аны уурдап, Сапаргүл аттуу Орусияда мекендештеринен кордук көргөн кыздай кылып ич кийимине чейин чечинтип, камерага тартышкандыгын айтып, далилдөөгө аракет кылууда – Сапаргүлдү үстүбүздөгү жылдын жаз айларында чет элдик киши менен жыныстык катнашта болгондугу үчүн мекендештери «жазалап», жылаңач кылып видеого тартып, аны интернетке жайгаштырышкан.

«Супер-инфо» гезитинин вице-президенти Айсулуу Алимбекова теле алып баруучуну «уурдап» кеткен журналисттерди кызматтан кетирди.

«Биз журналисттерибизге кандай гана учур болбосун ырайымсыздык кылууга уруксат берген эмеспиз. Бул жолу алар өз кызмат абалдарын чегинен ашырып жиберишти», — деди Алимбекова.

«Супер-инфо» гезитинин президенти Шаиста Шатманова Kloop.kgге берген маегинде азырынча гезиттин редакциясы «Тамаша-тор» рубрикасын жаппай тургандыгын билдирген.

«Азырынча рубриканы жабуу боюнча ойлоно элекпиз. Биз башында рубрика адам өмүрүнө коркунуч алып келбеши керек деп өзүбүзчө чечкенбиз», — деди Шатманова.

Анын айтымында, эми редакция өз журналисттеринин аракеттерине кылдат көз салат.

«Уруксат берилген чектен чыгып кеткен кабарчылар менен эмне болгондугун баары билет. Бул башкалар үчүн сабак болсун. [...] Эми биз журналисттерибизге катуу талаптарды коюп, алардын аракеттерине кылдат көз салабыз», — деди ал.

Автор: Нуржамал Жаныбекова

Редактор: Александра Ли

Сүрөт Айтбекованын «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү аккаунтунан алынды