2013-жылы Саламаттык сактоо министрлигинин бюджети 500 млн сомго азаят

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, келээрки жылы мамлекет алардын бюджетин кыскартат. Каржы министрлиги муну мекемеде жүргүзүлүп жаткан реформалар менен түшүндүрдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин каржы саясаты башкармалыгынын башчысы Назира Назарова былтыркы жылга салыштырмалуу алардын мекемесинин бюджети 20 пайызга кыскара тургандыгын билдирди.

Ал билдиргендей, 2012-жылы Саламаттык сактоо министрлигинин бюджети 2,5 млрд сом болсо, 2013-жылы 2 млрд сом болуп калат.

Назарова буга мекемеде жүргүзүлүп жаткан реформалар себеп болгондугун айтты.

«Кургак учукка каршы күрөшүү кызматын каржылоо Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусуна өткөрүлүп берилди – анда аталган илдетке каршы аракеттенген 25 уюм бар. Алар менен бирге ал фондго министрликти каржылоого бөлүнгөн 500 млн сом да берилди», – деди Назарова.

Ал кошумчалагандай, 2012-жылы алардын мекемесинин бюджетин 13,3 млн сомго кыскартышкан.

«Андагы кыскартуу анча деле көп эмес. Алар болжолдуу түрдө 62 млн сомго кыскарткылары келген, бирок биз аймактарга чыгып медициналык иштерди аткарышыбыз керек деп айттык», – деди Назарова.

Каржы министрлигинин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинин кыскартылышы өлкөдөгү оорулуулардын санынын азайгандыгына да байланыштуу экендигин билдирди.

«Статистика боюнча жыл өткөн сайын оорулуулардын саны азайып жатат», – деди Сулайманов.

Анын айтымында, бюджет корголбогон беренелер боюнча гана кыскартылат.

«Бардык министрликтердин корголбогон гана беренелер боюнча кыскартылат. Корголгондору – бул айлык маяна, дары-дармекке болгон жөлөк пул, а корголбогондор – бул иш сапарга жана транспортко корогон чыгымдар», – деп кошумчалады Сулайманов.

Автор: Азат Рузиев

Редактор: Александра Ли