Муфтияттын башчылары экономикалык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинде күнөөлүү катары өтүп жатат

Мурунку муфтий Чубак ажы Жалилов менен муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулло ажы Эгембердиевдер 31-октябрда экономикалык жаатта жоопкерчиликке тартылган, деп билдирди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, муфтийди шайлоого бир күн калганда.

Атайын кызматтагылар 2012-жылдын 31-октябрында Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгындагы экономикалык кылмыштар фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы Kloop.kgге берген маегинде.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Жалиловго айып тагылып, белгиленген аймактан чыкпоо баш коргоо чарасы белгиленген.

УКМК бул кылмыш иши боюнча учурдагы муфтийдин милдетин аткаруучу Эгембердиев да өтүп жаткандыгын билдирүүдө.

УКМКнын басма сөз кызматы козголгон кылмыш иши жөнүндөгү маалыматтын тарап кетишин 15-декабрда өтө турган муфтийди шайлоого байланышы жоктугун белгиледи.

«Бизден журналисттер сурады — анан биз маалымат бердик», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Эсен Өмүракунов Жалиловго каршы козголгон кылмыш иши салык төлөбөгөндүгүнө байланыштуу экендигин жана жалпы чыгым 8 миллион сомго бааланып жаткандыгын Kloop.kgге айтты.

Өмүракунов билдиргендей, Эгембердиевдин бул иш боюнча күнөөлүү катары өтүшү мүмкүн эмес.

«Көп болсо ал күбө катары өтүшү мүмкүн, анткени ал 2011-жылы иштеген эмес», — деди Өмүракунов.

Басма сөз катчы да кылмыш иши тууралуу маалыматтын таркашы менен муфтийди шайлоонун байланышы жок деп эсептейт.

«Бул кылмыш иши салык төлөбөгөндүгү боюнча буга чейин эле козголгон, бирок азыр гана жарыяланып кетти. Мен билбейм, экөөнүн байланышы жок деп ойлойм», — деди ал.

Рахматулло Эгембердиев муфтиятты эки жылдан бери башкарып келе жаткан Чубак ажы Жалилов кеткенден кийин - үстүбүздөгү жылдын 17-июлунда муфтийдин милдетин аткаруучу болгон

Анда Жалиловду 2011-жылдагы ажылык сапарды уюштуруудагы «коррупцияларга» тиешеси бар деп айыпташкан.

15-декабрда мусулмандарынын Курултайы болот - анда Кыргызстандын жаңы муфтийи шайланат же учурдагы муфтий калтырылат.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөттүн автору: Мирлан Токталиев