Ош: ИИМ милиция чиновнигин өлтүргөндөр жөнүндөгү маалымат үчүн 1 млн сом убадалады

5-02-2012_many_kirgyz__1000_100_200_elyor_nematov_kloop_bishkek_kirgyzstan-11

ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноевге куралдуу кол салгандар тууралуу туура жана так маалымат бергендерге мекеме акчалай сыйлык убада кылууда. Сурамжыланган саясий талдоочулар бул ыкманы эффективдүү деп эсептеп жатышат.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев сыйлык катары бериле турган каражат Ош ИИБисинен алынаарын Kloop.kgге билдирди.

Ал сыйлыкка деп бөлүнгөн жалпы каражат маалымат берген адамдарга бөлүштурүлүп берилээрин айтты.

«Ал адамдын канча алаарын комиссия аныктайт. Ал акчаны дароо албайт. Алгач тергөө маалыматтын тууралыгын аныкташы керек, анан сот ал адамдарды кылмыш ишине тиешеси бар деп тапканда гана сыйлык берилет», – деп түшүндүрдү Осмонбаев.

Саясат таануучу Марс Сариев кылмышкерлер тууралуу маалымат үчүн акчалай сыйлык берүүнү жакшы ыкма деп эсептейт.

«Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүдө болгон ыкмалардын бардыгын колдонуу керек. Бул өтө таасирдүү ыкма», – дейт ал.

Саясий серепчи Марат Казакпаев Сариевдин пикири менен макул.

«ИИМ бул учурда туура кылды, анткени Шоноев – ири башчылардын бири. Бул туура демилге. Эгер акчалай сыйлык берүүдө кандайдыр бир мыйзам бузуулар болсо тергөө органдары аныкташы керек», – деди Казакпаев.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурунку башчысы Артур Медетбеков кылмышкерлерди колго түшүрүү үчүн эффективдүү ыкмалардын бардыгын колдонуу керек деп эсептейт.

«Негизги маселе кылмышкерлер менен өлтүргөндөрдү табыш керек. Укук коргоо органдары кылмышкерлерди таап, жазалоо үчүн бардык ыкмаларды колдонушат», – деди ал.

Бирок  Медетбеков мындай ыкмалар кийин да көп колдонулуп калышы мүмкүн деп кооптонууда.

«Маалыматты акча үчүн гана бербеши керек. Кандай гана кылмыш болбосун анын бети ачылып, кылмышкерлер жазаланышы керек», – деди УКМКнын мурунку башчысы.

Толкунбек Шоноевге 11-январь күнү кечинде Ош шаарынын кичи районунда кол салышкан. Ал беш жеринен жаракат алган: төрт ок көкүрөк клеткасына жана дагы бири моюнуна тийген.

Азырынча ИИМдин полковнигинин өлтүрүлүшүнүн себептери белгисиз.

Автор: Мария Гребнева