Мамлекеттик сатып алуулар: КЭУга 700 миң сомдук джиптин эмне кереги бар?

Фoбь mo091016_6

Мамлекеттик сатып алуулардын расмий сайтында Кыргыз экономикалык университетинин алдындагы институттардын бири үчүн «джип» сатып алууга жарыяланган тендер жөнүндөгү билдирүү пайда болду. Институт жетекчилиги унаа билим берүү мекемесинин башчысына керектигин билдирди.

Унаа билим берүү мекемесинин жетекчилиги үчүн зарыл, деди Кыргыз Экономикалык университетинин алдындагы үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун директорунун орун басары Абдиназар Таникулов Kloop.kgге.

Анын пикиринде, алар унаа сатып алууга корото турган 700 миң сом (дээрлик 15 миң АКШ доллары)  – бул «анча деле кымбат эмес».

Таникулов институттун эмнеге джип сатып алгысы келип жаткандыгын түшүндүрүп бере алган жок.

Анын айтымында, унааны «директор, ректор» үчүн колдонушат.

Бишкектеги Daimler автосалонунун консультанты Владимир мындай суммага «жакшы», буга чейин айдалган жол тандабас сатып алса болоорун билдирди. Бирок ал кошумчалагандай, унаалардын баасы буга чейин канча аралык жүргөндүгүнө да байланыштуу болот.

«Буга чейин айдалган BMW X-5 же жол тандабас Mitsubishi сатып алууга толук мүмкүн», – деди консультант.

Ал бул суммага кандай жаңы «джип» сатып алууга мүмкүн экендигин билбейт.

Владимир ал сыяктуу унаалар негизинен катаал шарттуу, жолдору жакшы эмес жерлерде жүрүү үчүн пайдаланылаарын билдирди.

«Эгер адамга шаар ичинде жүрүү үчүн – үйүнөн жумушуна чейин гана барууга керек болсо джип же жол тандабас сатып алуу  – рационалдуу болбой калат», – деп эсептейт ал.

Тендер 2013-жылдын 27-январында аяктайт.

http://zakupki.okmot.kg сайты мамлекеттик сатып алуулардын ресурстарынын жаңыланган мамлекеттик версиясы болуп саналат. 2013-жылдын 1-январынан баштап бардык мамлекеттик мекемелер сатып алууларын аталган интернет-ресурска жайгаштырууга милдеттүү.

Автор: Хлоя Гейне