Шоноевди өлтүргөндөр кылмыштарын моюндарына алышты

aыфмgt_109

ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноевди өлтүргөн деген шек менен кармалгандар кылмыштарын моюндарына алышты. Милиция бул кылмышка шектелип жаткан дагы эки адамды издеп жатат.

Шоноевди өлтүргөн деген шек менен 17-январда кармалган үч адам колго түшөөрү менен кылган кылмыштарын моюндарына алып, көрсөтмө беришти.

«Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн шектүүлөрдүн аты-жөнү, фамилиясын айта албайбыз», — деди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев.

Анын айтымында, шектүүлөр жарандык калктын жардамысыз эле колго түшүрүлгөн — буга чейин Ички иштер министрлиги Шоноевди өлтүргөндөр тууралуу анык маалымат бергендер үчүн деп бир миллион сом бөлгөн.

Милиция Жылдызбек Корамбаевдин күнөөсүздүк далилин текшергенден кийин аны милиция чиновнигин өлтүрүүгө тиешеси жок деп тапты. Корамбаев башка кылмыштарга тиешеси жоктугу текшерилгенден соң бошотулат, деди Ашырбаев.

Толкунбек Шоноевге 11-январь күнү кечинде Ош шаарынын кичи районундорунун биринде кол салышкан.

Ал беш жеринен жаракат алган: төрт ок көкүрөк клеткасына жана дагы бири моюнуна тийген.

Азырынча ИИМдин полковнигинин өлтүрүлүшүнүн себептери белгисиз.

Автор: Нурия Рыскулова

Редактор: Алексей Ким