Камчы Көлбаев тергөө абагында дагы бир айга калтырылды

dicti

«Криминал авторитети» Камчы Көлбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында 8-мартка чейин камакта болот. Көлбаев Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга 8-декабрда алынып келинген.

2-февралда Биринчи май райондук соту Көлбаевдин камактагы мөөнөтүн 8-мартка чейин узартты, деп билдиришти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан Kloop.kgге.

УКМК эмне үчүн дал Көлбаевдин тергөө абагындагы мөөнөтүнүн узартылгандыгын түшүндүрүп берген жок. Мекеменин басма сөз катчысы учурда Көлбаевдин абалы «нормалдуу» экенин кошумчалады.

Кыргызстандын бийлиги «криминал авторитети» деп атап жаткан Көлбаев 2012-жылдын декабрынан бери тергөө абагында камакта. Анын камактагы мөөнөтү эки жолу узартылды — биринчи жолу 8-декабрдан 8-январга чейин, эми азыр дагы бир айга узартылып жатат.

Көлбаев Дубайда эки жыл жашагандан кийин аны Кыргызстандын атайын кызматындагылар кармап келишти, деп жазылган Жогорку соттун декабрдын башында таркаткан пресс-релизинде.

Ал билдирүүгө ылайык, Көлбаев Кыргызстандын бийлигине «өз каалоосу менен» багынып берген. «Криминал авторитети» Кыргызстандын Кылмыш кодексинин бир нече беренелери боюнча айыпталып жатат:

  • 123. Адам уурдоо
  • 125. Мыйзамсыз эркинен ажыратуу
  • 168. Талоончулук
  • 231. Кылмыштуу топту уюштуруу
  • 241. Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз алуу, сатуу, ташуу жана алып жүрүү
  • 247. Баңгизатын мыйзамсыз даярдоо, сактоо жана сатуу
  • 341. Бийликтин өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү.

«Криминал авторитети»

2000-жылы Көлбаев кылмыш чөйрөсүндөгү негизги атаандашы болгон Рыспек Акматбаевди өлтүрүү максатында кол салгандыгы үчүн 25 жылга эркинен ажыратылган, бирок алты жылдан соң абактан качып кеткен.

Көлбаевдин жети боз үй тигип, 2008-жылы Нарын облусунда уюштурган майрамдык иш-чарасы өзгөчө талкуу жараткан — анда президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын чиновниктеринин жүргөнү дагы байкалган.

Көлбаев Бириккен Араб Эмираттарына 2010-жылдагы ревлоюциядан кийин качып кеткен.

Кыргызстан 2011-жылы аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Көлбаев бир канча убакыт Интерпол тарабынан да кармалып турган, бирок ошол эле жылдын сентябрь айында бошотулган.

Автор: Хлоя Гейне