Видео: Батукаевдин Нарындагы абактан бошотулушу

«Билайв» сервисинин колдонуучусу криминал авторитети Азиз Батукаевдин абактан чыгарылып жаткандыгы тартылган видеону жайгаштырган. Нарын шаардык соту аны канындагы лейкоз оорусунан улам мөөнөтүнөн мурун бошотуу чечимин чыгарган.

http://www.youtube.com/watch?v=EaykJ1dFx-Y

14-апрелде «Билайвдын» ryspek73 деген ат менен катталган колдонуучусу Батукаевдин Нарындагы абактан бошотулушу тартылган видеону жайгаштырган.

Видеонун автору түзөтүү абагынын имаратынын жанында жүргөн Нарын шаардык сотунун судьясын, прокурорун жана акыйкатчынын өкүлүн тартып алган.

Видеотасмада Батукаевдин өзү көрүнбөйт, бирок Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев роликтин автору билдиргендей эле анда криминал авторитетинин бошотулушу тартылган деп божомолдоп жатат.

«Мен муну Батукаевдин бошотулушу деп так айта албайм. Бирок болжолдуу түрдө бул анын бошотулушу, анткени эгер жөнөкөй жаран бошотулуп жатса мынчалык көңүл бурулбайт болчу», — деп эсептейт Осмонбаев.

Ал авторитетти бошотуу маалында судьянын, прокурордун жана акыйкатчы өкүлүнүн ал жерде жүргөндүгүн алар соттун чечиминин аткарылышын көзөмөлгө алгылары келген деп түшүндүрдү.

«Мен азырынча ал сүрөттү ким жайгаштыргандыгын жана аны кайсы кызматтагылар тарткандыгын билбейм, бирок укук коргоо органдары Батукаевдин бошотулушун көңүл сыртында калтырышмак эмес», — деди басма сөз кызматтын өкүлү.

Нарын шаардык соту Батукаевдин канындагы оор лейкоздон улам аны мөөнөтүнөн мурда, 9-апрелде бошоткон, бул маалыматты ырастаган билдирүүнү Жогорку соттун басма сөз кызматы 10-апрелде тараткан.

«Атайын түзүлгөн медициналык комиссия менен катаал режимдеги №24 абактын дарыгери Азиз Бактукаевдин дартын аныкташып, “Оор лейкоз” диагнозун коюшкан», — деп жазылган Жогорку соттун билдирүүсүндө.

Нарын шаардык сотуна Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушу менен абактын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Абылгазиев кайрылган.

Өз чечиминде Нарын шаардык соту өлкөнүн Жазык процесстик кодексинин 363-беренесине таянган — ага ылайык, соттолгон адам жаза өтөө убагында жин оорусуна же башка катуу ооруга чалдыкса мекеменин администрациясынын сунушу боюнча, дарыгердик комиссиянын корутундусунун негизинде сот ал адамды мөөнөтүнөн мурда бошотууга укуктуу.

Чек ара аскерлигинин маалыматы боюнча, Батукаев бошотулаары менен дароо эле Чеченстандын борбору Грозныйга учуп кеткен.

Ички иштер министрлиги криминал авторитетинин чет өлкөгө учуп кетишин жактырууда.

«Анын учуп кеткени жакшы болду. Бизге кезектеги криминалдык териштирүүлөрдүн кереги жок. Аны биротоло кеткендей кылганыбыз жакшы болду», — деди мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү.

Батукаев 2008-жылдан бери Нарын шаарындагы катаал режимдеги №24 абакта (№4 тергөө абагы) камакта болчу.

Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу, мыйзамсыз курал сактоо сыяктуу бир нече беренелер боюнча Аламүдүн райондук соту тарабынан 16 жыл 8 айлык мөөнөткө эркинен ажыратылган.

Ошондой эле ал 2005-жылы Молдовановка айылындагы абакка барган депутат Тынычбек Акматбаев менен дагы бир нече чиновникти өлтүргөн деп күнөөлөнгөн.

Автор: Александра Ли