Айтматовдун «Жамилясы» азиздер үчүн кыргыз тилинде басылып чыкты

IMG_0123-e1367476467315

Чыңгыз Айтматовдун «Жамиля» повести тарыхта Брайл тамгасы менен кыргыз тилинде басылып чыккан үчүнчү гана китеп болду.

Брайл тамгалары менен басылып чыккан «Джамиля» китебинин бетачары 7-майда болду — Айтматовдун чыгармасынын азиздер үчүн версиясын басып чыгаруунун демилгечилеринин бири парламенттин көзү боюнча майып депутаты Дастан Бекешев болгон.

Азырынча китеп 12 гана нуска менен чыкты, алардын ар бири колго терилген.

«Кыргызстан Брайл тамгалары менен басып чыгаруу машинасын Бельгиядан сатып алса жеңил болмок, бирок ал 120 миң доллар турат», — деп билдирди китептин бетачарында Кыргызстандын азиздер жана дүйлөйлөр коомунун президенти Калык Мамбетакунов.

Бардык нускаларды даярдоо үчүн ыктыярчыларга бир жарым ай убакыт талап кылынган.

Депутат Бекешев китепти басып чыгаруу үчүн каражатты Интернет аркылуу чогулткан. Бирок айтымында, азиздер үчүн «Жамиляга» төрт гана колдонуучу жооп кайтарып, жалпысынан 29 миң сом тартуу кылышкан.

Азиздер жана дүлөйлөр коому эң аз дегенде Кыргызстандын ар бир облусуна бирден нуска китеп жеткирүүнү пландап жатат.

«Жамиля» тарыхта Брайл тамгалары менен басылып чыккан кыргыз тилдүү китептердин үчүнчүсү болуп калды. Буга чейин Кыргызстандын Конституциясы менен 700 сөздөн турган кыргыз-орус сөздүгү басылып чыккан.

Депутат Бекешев китептерди Брайл тамгасы менен басып чыгарууну улантуу пландалып жатканын билдирди.

«Биз Чыңгыз Айтматовдун дагы көп китептерин басып чыгарууну пландап жатабыз. Көйгөй каражаттын жоктугунда гана», — дейт ал.

Азиздер жана дүйлөйлөр коомунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда жашаган 120 миң көзү көрбөгөн жарандын 20 пайызы гана Брайл тамгасы аркылуу окуй алышат.

Алардын көпчүлүк бөлүгү Бишкекте топтолушкан.

Негизинен азиздер аудиокитептерди угушат, бирок Мамбетакуновдун пикиринде, алардын окууга да муктаждыктары бар.

Авторлор: Анастасия Ласкина жана Бектур Искендер