Саламаттыкты сактоо министрлиги: Көз карандысыз экспертиза Батукаевдин дартын ырастады

IMG_0123-e1367476467315

Саламаттыкты сактоо министрлиги Казакстан менен Кыргызстандын көз карандысыз эксперттери криминал авторитети Азиз Батукаевдин канында оор лейкоз болгондугун ырастагандыктарын билдирди. Буга чейин кыргыз гематологдору бул дартты четке кагып жатышкан.

Көз карандысыз экспертиза Казакстандын саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук педиатр жана балдар хирургиясы борборунун лабораториясы менен Онкология жана радиология илим-изилдөө институту тарабынан өткөрүлгөн. Ага ошондой эле Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук хирургия борборунун профессор-гематологу Ананий Рачков да катышкан.

«Альтернативдүү комиссия бейтап А.Батукаевдин “оор миелобласттуу лейкозу” бар деген жыйынтыкка келди», — деп жазылган министрликтин таркатмасында.

Буга чейин Кыргызстандын Гемотология борборунун 12 дарыгери авторитеттин дарты жалган экендигин билдирип чыгышкан.

Алардын кайрылуусунда Батукаевди 2013-жылдын февралында текшерүүгө алган дарыгер Эралиев криминал авторитетинин «Минималдуу активдүүлүгү бар сарыктын С түрүнүн вирусу» деген болжолдуу дартын аныктаган.

«Бул аныкталган дарт камактагы адамда лейкозго эч кандай шек болбогондугун далилдөөдө», — деп жазылган дарыгерлердин билдирүүсүндө.

Борбордун дарыгерлери Батукаевдин канында оор лейкоз болбогондугун билдиришип, аталган дартты аны «бошотуу үчүн алдын-ала сүйлөшүлүп алынган бүтүм» деп атап жатышат.

«Бул факт А.Батукаевдин бошотулушунда мамлекеттик чиновниктер менен Кыргыз илимий гематология борборунун кээ бир кызматкерлеринин ортосунда сүйлөшүп алуулар болгондугун көрсөтүп турат», — деп жазышкан дарыгерлер.

Алар эгер криминал авторитетинин дарты айтылып жаткандай кандагы лейкоз болсо Көлбаев Нарындын тергөө абагында адистештирилген дарылануудан өтпөй эле оорусунан өлүп калмак, деп кошумчалашты.

Мөөнөтүнөн мурда бошотуу

Батукаев 9-апрель күнү мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан — бул тууралуу чечимди атайын түзүлгөн медициналык комиссия менен катаал режимдеги №24 абактын дарыгерлеринин чыгарган “канындагы оор лейкоз дарты” деген корутундусуна таянып Нарын облустук соту чыгарган.

Батукаев бошотулаары менен дароо Кыргызстандан чыгып, Чеченстандын борбору Грозныйга учуп кеткен.

Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушу менен Нарын шаардык сотуна абактын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Абылгазиев кайрылган.

Өз чечиминде Нарын шаардык соту өлкөнүн Жазык процесстик кодексинин 363-беренесине таянган — ага ылайык, соттолгон адам жаза өтөө убагында жин оорусуна же башка катуу ооруга чалдыкса мекеменин администрациясынын сунушу боюнча, дарыгердик комиссиянын корутундусунун негизинде сот ал адамды мөөнөтүнөн мурда бошотууга укуктуу.

Батукаев Нарын шаарындагы катаал режимдеги №24 абакта (№4 тергөө абагы) 2008-жылдан бери камакта болчу.

Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу, мыйзамсыз курал сактоо сыяктуу бир нече беренелер боюнча Аламүдүн райондук соту тарабынан 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

Ошондой эле ал 2005-жылы Молдовановка айылындагы абакка барган депутат Тынычбек Акматбаев менен дагы бир нече чиновникти өлтүргөн деп күнөөлөнгөн.

Автор: Александра Ли