Батукаев боюнча депутаттык комиссия жогорку бийликтеги чиновниктерди кызматтан алууну сунуштап жатат

IMG_0123-e1367476467315

Депуттаттар криминал авторитети Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушун иликтеп бүтүштү. Алар коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьерди, ошондой эле ИИМдин, Башкы прокуратуранын жана Жаза аткаруу кызматынын башчыларын кызматтарынан кетирүүнү сунуштап жатышат.

Криминал авторитети Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу жөнүндөгү иш боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү иликтөөлөрүн аяктады. Алар коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер Шамил Атахановду, ИИМ башчысы Абдылда Суранчиевди, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевди жана башкы прокурор Аида Салянованы кызматтарынан алууну сунушташты.

Алар ошондой эле Салянова менен Суранчиевди кызматтарынан кетирүүнү өтүнүштү.

Комиссиянын пикиринде, Батукаевдин мөөнөтүнүн мурда бошотулуп, өлкөдөн чыгып кетишине аталган чиновниктердин бардыгынын тең тиешелери бар.

Бул маалыматты Kloop.kgге берген маегинде комиссиянын курамына кирген депутаттардын бири Турсунбай Бакир уулу ырастады. Ал сунуштар жазылган комиссиянын корутундусу бир добуштан кабыл алынгандыгын айтты.

«Мен өзүм бир канча жолку чакырылыштын депутаты катары жыйынтыктоочу чечимди комиссия мүчөлөрүнүн жүз пайызы колдогону эсимде жок. Бул жолкусунда комиссиянын бардык тогуз мүчөсү тең корутундуга кол коюшту», — деди Бакир уулу.

Комиссия ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине Батукаевди бошотуу жана өлкөдөн чыгаруу маалындагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин козгоо боюнча сунуш берди.

Коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер Шамил Атаханов депутаттык комиссия чиновниктердин күнөөлөрүн далилдебей туруп аларды кызматтарынан алууну сунуштоо менен айыпсыздык презумпциясын бузду деп эсептейт.

«Комиссиянын иши башталгандан бери конкреттүү далилдерди көргөн жокмун, алар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болгонум жок. Бир дагы далилди, бир дагы фактыны», — деди Атаханов Kloop.kgге берген маегинде.

Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратура чиновниктерди кызматтарынан алуу боюнча акыркы чечим кабыл алынганга чейин комментарий берүүдөн баш тартышты.

Комментарий алуу үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы жеткиликсиз болууда.

Чиновниктерди кызматтарынан алуу боюнча комиссиянын корутундусу менен сунуштары бүгүн парламент жыйынында каралат. Андан соң аны президент карайт.

Батукаевдин бошотулушу

Батукаев 9-апрель күнү мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан — бул тууралуу чечимди атайын түзүлгөн медициналык комиссия менен катаал режимдеги №24 абактын дарыгерлеринин чыгарган “канындагы оор лейкоз дарты” деген корутундусуна таянып Нарын облустук соту чыгарган.

Батукаев бошотулаары менен дароо Кыргызстандан чыгып, Чеченстандын борбору Грозныйга учуп кеткен.

Батукаев Нарын шаарындагы катаал режимдеги №24 абакта (№4 тергөө абагы) 2008-жылдан бери камакта болчу.

Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу, мыйзамсыз курал сактоо сыяктуу бир нече беренелер боюнча Аламүдүн райондук соту тарабынан 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

Ошондой эле ал 2005-жылы Молдовановка айылындагы абакка барган депутат Тынычбек Акматбаев менен дагы бир нече чиновникти өлтүргөн деп күнөөлөнгөн.

Автор: Шахида Дүйшеева