Прокуратура: милиция чиновнигинин өлүмү боюнча чыгарылган өкүм өтө «жумшак»

fotografiya

7-июнда Ош облусунун Кара-Суу райондук соту Түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноевди өлтүргөндүктөрү үчүн алты адамды ар башка мөөнөткө эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул чечим боюнча Ош облустук прокуратурасы даттанууну көздөп жатат.

Мамлекеттик айыптоочу сот жообуна тартылып жаткандардын үчөөсүн – Арипбек Аскарбек уулу, Улан Молдошев жана Тилек Жапарбаевдерди өзгөчө режимдеги абакка өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылган.

Дагы үчөөсүн — Ниязбек Тажибаев, Эрнис Эсенов жана Сагын Айтбай уулуларды — прокуратура катаал режимдеги түзөтүү абагына 25 жылга камоону өтүнгөн.

Бирок Кара-Суу райондук соту Аскарбек уулуна карата гана өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды, калгандары болсо 4 жылдан 25 жылга чейинки мөөнөткө эрктеринен ажыратылышты.

«Чыгарылган өкүмдүн жумшактыгына байланыштуу учурда Ош облустук прокуратурасы Жапарбаев Тилек Мамасалиевич, Молдошев Улан Акимжанович, Тажибаев Ниязбек Орозбаевич, Эсенов Эрнис жана Айтбай уулу Сагынга карата апелляциялык көрсөтмө чыгаруу жөнүндөгү маселени караштырып жатат», — деп билдирди Башкы прокуратура.

Кара-Суу райондук сотунун кабылдамасынан Kloop.kgге төрага эмгек өргүүсүнө кеткендигин, а Шоноевдин өлүмү боюнча ишти караган судья көчмө отурумда экендигин билдиришти.

Милициянын чиновнигине куралдуу кол салуу 11-январь күнү кечинде Ош шаарында болгон. Шоноев беш жеринен жаракат алган: төрт ок көкүрөк клеткасына жана дагы бири моюнуна тийген.

Далил катары окуя болгон жерден болжолдуу түрдө Макаров үлгүсүндөгү тапанчанын 5 гильзасы алынган.

Шоноевдин өлүмү боюнча кармалгандардын бардыгы тең кылмыш кылгандыктарын мойундарына алышкан.

Кылмышты иликтөө маалында милиция Шоновди өлтүргөндөр боюнча маалымат бергендерге 1 миллион сом убадалаган болчу.

Автор: Зарема Султанбекова