Бишкек: Активист жолдордогу чуңкурларды чиновниктердин сүрөттөрү менен кооздойт

IMG_0123-e1367476467315

Жарандык активист Айбек Баратов 29-июнда борбордун көчөлөрүндөгү чуңкурларды чиновниктердин сүрөттөрү менен кооздоо боюнча акция өткөрөт. Мэрия буга тоскоолдук кылбай тургандыгын билдирди.

Бул акциясы менен Баратов чиновниктердин көңүлүн шаардагы жолдордун начар абалына бурдурууну каалап жатат — бул тууралуу активист өзү билдирди.

«Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын сүрөттөрү аркылуу коомчулук менен мамлекеттин көңүлүн дагы бир жолу биздеги көйгөйлөргө бургум келди. Эгер биз жолдогу тартипке, жакшыртууга жана жарыктандырууга жооптуу адамдарга конкреттүү түрдө кайрылсак ал көйгөйлөр эффективдүүрөк чечилет», — деди Баратов Kloop.kgге берген маегинде.

Акцияга профессионалдуу граффитчилер катышат. Аларга каалаган жаран кошулса болот.

Баратов борбордогу чуңкурларды Бишкектин мэри Иса Өмүркуловдун сүрөткө тартылган бети кооздой тургандыгын айтты. Азырынча жолдордо дагы кимдердин сүрөттөрү тартылаары так аныктала элек.

Активист керектүү шаймандарга каражат социалдык түйүндөр аркылуу чогултула тургандыгын билдирди.

«Негизгиси, боек, жол кыймылынын коопсуздугуна шарт түзүп бере турган шаймандарды: жарык шооласын чагылдыруучу пластика, конустарды жана жилеттерди гана сатып алуу керек. Акция шаардын борборунда өткөрүлөт болуш керек, анткени борбордо ал сүрөттөрдү көрө турган чиновниктердин саны көбүрөөк», — деди Баратов.

Бирок активисттин идеясын социалдык түйүндүн бардык эле колдонуучулары колдогон жок. Баратовдун акцияга катышуу чакырыктарынын алдындагы талкууда кээ бир колдонуучулар Бишкектин жолдорунда оңдоо иштери башталгандыктан бул кампаниянын актуалдуу эмес экендигин белгилешкен.

“Мага актуалдуу деле көрүнбөй эле. Жолдор оңдолуп жатат, процесс башталды, бул карикатуралар менен дагы эмнеге жеткиңер келип жатат?. Жогоруда сунушталгандай, андан көрө пайдалуу нерселерди кылгыла. Шагыл төгүп же дагы башка нерсе)) Бул менин пикирим, жакын албагыла ))”, — деп жазган Сергей Богатиков.

Мэриянын басма сөз катчысы Чынара Усупбаев Kloop.kgге берген маегинде муниципалитет Баратовдун акция өткөрүүсүнө тыюу салбай тургандыгын билдирди.

«Бул алардын укугу, биз бир нерсе кылбагыла деп тыюу сала албайбыз», — деди басма сөз катчы.

Ал учурда Бишкектин жолдорунда капиталдык жана чуңкурларды оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.

«Бизде жергиликтүү жана республикалык бюджеттин чегинде жолдорду капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Буга чейин биз 30 жолго жамак салдык», — деп мэрияны актады Усупбаева.

Айбек Баратов борборду жакшыртуу боюнча биринчи жолу акция өткөрбөй эле. Үстүбүздөгү жылдын мартында ал башка жарандар менен бирге борбордун көчөлөрүн таштандылардан тазалаган, анын эртеси мэрия шаарда ишембилик өткөргөн. А апрелде болсо ал жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдорго белгилерди койгон.

«Чиновниктерди иштөөгө аргасыз кыл»

Баратов чуңкурларга чиновниктердин сүрөттөрүн тартуу идеясын орусиялык жарнама агенттиктеринен алгандыгын айтты.

Өткөн жылдын июль айында Екатеринбургда «Восход» жарнама агенттигинин кызматкерлери «Чиновниктерди иштөөгө аргасыз кыл» деген аталышта ушундай акция өткөрүшкөн.

Алар жолдогу чуңкурларды тегерете Екатеринбургдун жергиликтүү чиновниктеринин сүрөттөрүн тартып коюшкан. Сүрөттөр чуңкурлар чиновниктердин ачык турган ооздорун элестеткендей кылып тартылган.

Бул орусиялык «Ура.ру» маалымат агенттигинин буйрутмасы боюнча жасалган. Жыйынтыгында акция өткөндөн бир күндөн кийин чуңкурлар оңдолуп, карикатуралар сырдалган.

Алгач Екатеринбургдун коммуналдык кызматтары чиновниктердин сүрөттөрүн сырдап, үстүнө кургак асфальт сээп салууга аракет кылышкан. Бирок активисттер тарабынан орнотулуп коюлган жашыруун камералар алардын бул аракеттерин тартып алган жана эртеси жолдогу чуңкурлардын жанында “Сырдап коюуу — оңдоо эмес” деген жаңы жазуулар пайда болгон. Андан соң муниципалдык кызматтар тарабынан чуңкурлар биротоло жамачыланган.

«Лента.ру» маалыматтык интернет-басылмасынын маалыматы боюнча, 2013-жылдын июнунда алардын жарнамасы эл аралык «Канн арстандары» фестивалында төрт алтын сыйлыкка ээ болгон.

Орусиядагы акция тууралуу видео:

http://www.youtube.com/watch?v=Fx_xk8_0MHY

Автор: Нуржамал Жаныбекова

Редактор: Айдай Токоева