Кыргызстандык укук коргоочуну Өзбекстанга киргизбестен депортация кылышат

pills

20-июнда Ташкент аэропортунан кармалган «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун башчысы Төлөйкан Исмаилованы Кыргызстанга жакынкы каттам менен салып жиберишет. Аэропорттун милициясы кармалгандардын тизмесинде кыргызстандык укук коргоочу жок экенин билдирип жатат.

Исмаилова 20-июнь күнү – Франциядан келген кесиптештеринин тобун коштоп бара жатканда Ташкент аэропортунан кармалган. Аны Өзбекстандан депортация кылып, жакынкы каттам менен Кыргызстанга салып жиберүүлөрү керек — бул тууралуу «Жарандар коррупцияга каршы» борборунун кызматкери билдирди.

Ал укук коргоочу Ташкентке Франциянын Өзбекстандагы элчилигинде өтө турган жолугушууга бара жаткандыгын, бирок белгисиз себептер менен укук коргоо борборунун башчысы аэропорттон кармалгандыгын билдирди.

Борбордун кызматкери Исмаилова менен бирге бара жаткан төрт французду чек ара аркылуу өткөргөндүктөрүн кошумчалады.

Укук коргоочунун эмне себептен кармалгандыгы дагы деле белгисиз. Ташкент аэропортунун милициясы аны кармабагандыктарын билдирип жатат.

«Кармалгандардын тизмесинде Исмаилова жок», — деп билдиришти милициядан Kloop.kgнин кабарчыларына.

Исмаилова кармалгандыгы жөнүндө кесиптештерине өзү билдирген — ага болгон окуя тууралуу кыска кат жөнөтүүгө уруксат беришкен.

Кат жиберилгендиги жөнүндөгү маалыматты Kloop.kgге берген маегинде укук коргоочунун кесиптеши Дмитрий Кабак ырастады.

Ал учурда алар борбордун башчысын бошотуу боюнча интернет аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыктарын билдирди. Кабак укук коргоочуну өткөрүп берүү маселеси кимдер менен талкууланып жаткандыгын тактап айткан жок.

Азыр Исмаилованын телефону өчүк болуп, анын кайсыл жерде экендиги белгисиз бойдон калууда.

Төлөйкан Исмаилова «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун алмашкыс башчысы болуп эсептелет. Ал 2010-жылдагы июнь окуяларын мониторингдөөдө активдүү катышкан.

Исмаилова милиция кызматкерлеринен жабыр тартып, анын борборуна жардам сурап кайрылган адамдардын укуктарын активдүү коргойт.

Редактор: Айдай Токоева
Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды