ШИИБи милиционерлердин бишкектиктерге кол салгандыгын териштирет

images.stories.281_500x324

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы 10-август күнү кечинде эки бишкектикти «тоногон» милиция кызматкерлеринин аракеттери боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүүнү демилгеледи. Жабырлануучулардын биринин айтымында, милиция кызматкеринин бирөөсү аны бетке «анча катуу эмес урган».

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде милиция укук коргоо органдарынын Ботаникалык бакчадан шаар тургундарына кол салгандыгы боюнча кызматтык териштирүү баштагандыгын билдирди.

“Эгер биздин кызматкерлердин мыйзамга каршы иш жасагандыгы боюнча факты аныкталса кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы чыгарылып, буйрук киргизилет, анан ал жыйынтыктын негизинде ШИИБи жазалоо же кызматынан кетирүү жөнүндөгү буйрукка кол коет”, — деп түшүндүрдү басма сөз кызматтын өкүлү Карима Аманкулова.

ШИИБинин маалыматы боюнча, азырынча аларга милиция кызматкерлерине карата жазылган арыз келип түшө элек.

11-августта жабырлангандардын бири — “Фэйбсук” социалдык түйүнүнүн колдонуучусу — Кирилл Феоктистов өз баракчасына кол салуу тууралуу маалымат жайгаштырган.

Алгач эки милиция кызматкери документтерибизди сурап, чөнтөктөгүлөрүбүздү чыгарууну талап кылышкан, бирок биз баш тарткандан кийин «агрессивдүү сүйлөшүп», «күч колдоно тургандыктарын айтып коркутуп башташты», деп жазган Феоктистов.

«Досум экөөбүз телефондорубузду алып чыгып, анда болуп жаткандарды тарта баштадык. Андан соң мен текшерүү милиция бөлүмүндө, күбөлөрдүн катышуусунда жана протокол түзүлгөндөн кийин гана болоорун айттым», — дейт жабырлануучу.

Бирок анын айтымында, укук коргоо кызматкерлери аларды милиция бөлүмүнө алып барышпастан башка милиционерлерге жеткиришкен, өз кезегинде алар бишкектиктердин акчаларын жана жанындагы досунун уюлдук телефонун тартып алышкан.

«А менин жаныман орусиялык паспортумдун көчүрөсүн таап алышып бетке анча катуу эмес уруп, улутум менен жарандыгымды кемсинтип башташты. Кызматкерлер биз менен жаныстык жакындашуу актысына барууну каалашып, өздөрүнүн гомосексуалдык ориентациясын көрсөтүштү. Анан он мүнөттүк коркутуулардан кийин бизди кое беришти», — деп жазган Феоктистов.

Жабырлануучу ошондой эле уюлдук телефонуна тартып алган видеолордун үзүндүлөрүн кайрадан калыбына келтире алганыгын жана ал тасмада милиция кызматкерлеринин жүздөрү көрүнүп тургандыгын жазган.

Бул милиция кызматкерлеринин Ботаникалык бакчадагы аракеттерине бишкектиктер менен туристтердин биринчи жолу даттанышы эмес — 2013-жылдын башында малайзиялык турист Kloop.kgге берген маегинде милиционерлер аны аталган бакчага алып барып, акчасынын жарымын алып койгондуктарын билдирген.

Автор: Карина Жолдошева

Сүрөт Кирилл Феоктистовдун Фейсбуктагы жеке баракчасынан алынды.