Башкы прокуратуранын мурунку имараты бузулат

2010-жылдагы апрель революциясы маалында өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын имараты бузулат. Азырынча имаратты бузуу иштери качан башталаары белгисиз.

Учурда сырты жарнама баннери менен капталып турган өлкөнүн Башкы көзөмөлдөө органынын имараты азыр таптакыр пайдаланылбай эле. Ал жалпысынан 1000 чарчы метрдей аянтты ээлеп, шаардын так борбору – «Ала-Тоо» аянтында жайгашкан.

Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Азиза Масимова Kloop.kgге берген маегинде азырынча имаратты бузуу иштери качан башталаары белгисиз экенин билдирди.

“Инвестициялык долбоор жок болгондуктан азыр имараттын тагдыры белгисиз.” — деди ал.

Анын айтымында, инвестициялык долбоор качан имарат курулуш жана региондук өнүктүрүү агенттигинин карамагынан башка мекемеге өткөрүлүп берилгенден кийин түзүлөт.

Масимова кошумчалагандай, имараттын кайсы мекеменин кандай башкармалыгына өткөрүлүп берилээри азырынча белгисиз.

Башкы прокуратуранын 2010-жылы өрттөнүп кеткен имаратынан алыс эмес жашаган Бишкек шаарынын тургуну имарат кайрадан оңдолсо жакшы болмок деп эсептейт. Айтымында, имаратты бузушса анын пайдабулын кайрадан тургузууга туура келип калат.

Шаардын башка тургуну, Тилек Узбеков сейсмология институнунун имаратты бузуу боюнча чыгарган корутундусуна макул болуу керек деп эсептейт.

“Эгер муну менен бүтүндөй бир институт алектенип, имаратты калыбына келтирүүгө мүмкүн эместиги тууралуу чечим чыгарып жатса бузуп эле салган жакшы”, — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Башкы прокуратуранын мурунку имаратына жакын жашаган телекоммуникация тармагынын жумушчусу Эрнис Эгембердиев имаратты кайрадан калыбына келтирсе болот деп эсептейт.

“Мындан да жаман имараттарды калыбына келтирип жүргөнбүз”, — деп кошумчалады ал.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Башкы прокуратура учурдагы имаратына кызматкерлери толук батпай жатканын айтып, жаңысын курууга 150 млн. сом сураган.

Башкы прокуратуранын имараты 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш маалында өрттөнүп кеткен. Андан соң мекеменин кызматкерлери Жогорку соттун имаратына көчүрүгөн. Ал эми 2013-жылдын жазында өлкөнүн башкы көзөмөлдөөчү органы экс-президент Аскар Акаевдин мурунку китепканасына көчкөн.

Автор: Бегайым Акбарова

Сүрөттүн автору: Тимур Райымкулов