Сот экс-акыйкатчы Акундун өтүнүчүн канааттандырган жок

Бишкек райондор аралык соту Турсунбек Акундун анын мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулушу жөнүндөгү арызын канааттандырган жок. Акун судьянын бул чечимин мыйзамсыз деп эсептеп жатат.

Акундун доо арызын кароодон баш тартуу тууралуу чечим бүгүн райондор аралык сот тарабынан кабыл алынды.

Соттук коллегия мурунку мамлекеттик укук коргоочунун дооматтары соттук тартипте каралбашы керек деген чечимге келди.

Акун Kloop.kgге берген маегинде бул баш тартуу боюнча жогорку инстанциядагы — шаардык сотко кайрылаарын билдирди.

Ал доо арызды кароодон баш тартуу жөнүндөгү чечимди «мыйзамсыз» деп эсептеп жатат.

«Биз эми кичинекей болсо да акыйкаттуулук болот деп ойлоп атканбыз, бирок андай болгон жок. Мындан ары шаардык сотко, анан республикалык [Жогорку], конституциялык сотко, андан кийин эл аралык сотко кайрылабыз. Мен аягына чейин барам», — деди Акун.

Ал парламенттин акыйкатчы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндөгү токтомунун жокко чыгарылышын талап кылып жатканын кошумчалады.

Буга чейин экс-акыйкатчынын жактоочусу Динара Муканбаева Kloop.kgге берген маегинде Акунду бошотууда бузулган жол-жоболордун эң башкысы катары аны кызматынан кетирүүдө өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу айтылган “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү” мыйзамга таянгандыктарын билдирген.

Парламент депутаттары Турсунбек Акунду үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда, “кримавторитет Батукаевге жардам кылгандыгы жана өз кызматкерлерин негизсиз жумуштан кетиргендиги” үчүн мөөнөтүнөн мурда акыйкатчы кызматынан бошотушкан.

Депутаттар партиялардын жыйындарында мамлекеттик укук коргооочу Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүү боюнча парламенттик комиссиянын отчетун угушкан.

Анда Турсунбек Акун парламентарийлердин көпчүлүк добушу менен кызматынан алынган.

Автор: Карина Жолдошева