Баткен облусу: Шахта урандыларында калган адамдарды издөө иштери дагы деле уланууда

Шахта урандыларынын астында калган көмүр казуучулар азырынча табыла элек, деп билдирди ӨКМдин өкүлү. Издөө иштери бир аптадан бери уланууда, алардын тирүү табылышына дээрлик үмүт жок.

Баткен облусунда шахта урандыларынын астында калган эки адамдын тагдыры дагы деле белгисиз бойдон калууда.

Алар бир аптадан ашык убакыттан бери жер астында жатышат жана аларды тирүү таап чыгуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жок. Буга чейин үч шахтердун биринин денеси табылган болчу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Алмазбек Асанов Kloop.kgге берген маегинде издөө иштери «оор» болуп жатканын билдирди.

Буга чейин ӨКМдин өкүлү издөө иштери 14-15-август күндөрү эле аякташы керектигин билдирген. Бирок анын айтымында, шахта «эскирип», «өтө чоң лабиринттей» болуп калгандыктан куткаруучулардын ишине оорчулуктарды жаратып жатат.

«Бизге жардамга Оштон эки кинолог келди. Учурда алар менен бирге издөө иштерин улантып жатабыз», — деди Асанов.

Баткен облусунун Самаркандек айылында көмүр казып жаткан үч кишини 13-август күнү болгон селден улам урап кеткен шахтанын урандылары басып калган.

Алгач, шахтада беш киши болгон, бирок алардын экөөсү сыртка чыгып, кутулуугу үлгүрүшкөн.ӨКМдин билдирүүсү боюнча, андагы көмүр казуу иштери мыйзамсыз жүрүп жаткан.

Автор: Жыргал Таалайбеков