Милиция Жол кайгуул кызматкерлеринен качкан айдоочуну жазалай тургандыгын убадалоодо

Жол кайгуул кызматы узак кубалашуудан кийин айдоочунун мамлекеттик номуру алынган видео көрсөтүлгөндөн кийин иликтөө иштерин баштады — азыркыга чейин жазалана элек айдоочуга номуру кайтарылып берилгени аныкталды.

Жол кайгуул кызматы номурун кайтарып бергендигин айдоочу өзү ырастады.

Бул тууралуу «Лексустун» айдоочусу Назик Чодронова видео тасма интернетке жайгаштырылгандан көп өтпөй, 5-сентябрь күнү кечинде Kloop.kgге берген маегинде билдирди.

Бүгүн бул фактыны Жол кайгуул кызматынын (ЖКК) басма сөз кызматы ырастады (ДПС) — ал тараткан пресс-релизде Чодроновага номуру аны алып койгон тескөөчүнүн башчысынын буйругу боюнча кайтарылып берилгени жазылган.

Аты-жөнү айтылбаган ал башчы тескөөчүдөн Чодронованын жол эрежесин бузуусу боюнча административдик практика бөлүмүнө билдирбесин өтүнгөн – муну менен айдоочусунун жол эрежесин бузгандыгы боюнча иликтөөлөр токтогон.

«Ал [тескөөчү] алынган мамлекеттик номур белгисин кайтарып бериши керектиги боюнча өзүнүн түздөн-түз командиринен буйрук алган. Анан Жол кайгуу кызматынын тескөөчүсү командиринин талабын аткарган», — деп жазылган мекеменин пресс-релизинде.

Басма сөз кызматы ошондой эле Жол кайгуул кызматынын кызматкерлерине күч органдарынын жетекчилиги тарабынан эч кандай басым жасоолор болбогондугун жазган.

«Бул окуянын жүрүшүндө Жол кайгуул кызматынын номурду алган кызматкерине да, анын командирине  да өлкөнүн ИИМи, Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын жана Бишкек шаардык ИИБсинин жетекчилери тарабынан эч кандай басым жасалып, буйруктар, көрсөтмөлөр болгон эмес», — деп жазылган билдирүүдө.

Эми, видео тасма интернетке жайгаштырылгандан кийин Жол кайгуул кызматы ал окуя боюнча иликтөөсүн кайрадан баштады.

Алар Чодроновага карата административдик жоопкерчилик чараларын көрө тургандыгын айтып, убадалап жатышат.

«Суранчиев менен болгон байланышы»

Милициянын куугунунан качып бара жаткан кыз тартылган видео тасма рейд учурунда телеканалдардын журналисттеринин бири тарабынан тартылган.

Анда джиптин айдоочусу Жол кайгуул кызматынын кызматкерлеринен качып кетүүгө аракет кылып жол эрежесин бир нече жолу бузгандыгы даана көрүнүп турат.

Бишкектин борборундагы үйлөрдүн биринин короосуна киргенден кийин Назик Чодронова унаадан чыгып, милиционерлер менен сүйлөшүүдөн баш тартып белгисиз тарапка кетип калган.

Бирок тескөөчүлөр анын унаасынын номурун чечип алышкандан кийин ал номурун кайтарып берүүлөрүн талап кылып, ички иштер министри Абдылда Суранчиев менен Бишкек ШИИБсинин башчысы Мелис Турганбаев менен байланышы бар экенин билдирген.

Чодронова Kloop.kgге берген маегинде күч тузүмдөрүнүн башчылары менен эч кандай тууганчыл байланышы жок экенин билдирди.

«Чынын айтсам, Суранчиев менен Турганбаев мага эч ким эмес. Жөн гана МАИ кызматкерлерин коркутуп койгум келген», — деди ал.

Чодронова өзүн күнөөлү деп эсептебестигин кошумчалады.

«Мен мойнума алам, коопсуздук курун тагынбай калгам. А менин алдымды бир унаа светофор сары күйүп турганда өтүп кетсе МАИ кызматкерлери эч нерсе кылышкан жок. Мен курду тагынаарымды айтып, алардан сары күйүп турганда өтүп кеткен айдоочуну эмнеге кармаган жоксуңар деп сурадым, а алар “ал биздин ишибиз” деп жооп беришти», — деди ал.

Бирок интернет коомчулук жалпысынан Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери тарапта болушуп, «Фэйсбуктагы» комментарийлеринде Чодронованын орой, адепсиз экенин белгилешип, ага карата айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу сыяктуу көптөгөн жазаларды сунушташкан.

Автор: Александра Ли