Баткен облусу: Эски вагондо билим алган окуучулар

Баткен облусунун Дюкер калктуу конушундагы окуучулар башка билим берүү мекемелерине окшобогон мектепте билим алышатал эски курулуш вагонун элестет.

Кундуз 5-класста окуйт. Ал күн сайын окутуучу Мария Исаеванын айткандарын кунт коюп угуп жаткан Дюкер конушунун мектебиндеги 12 окуучуга барып кошулат.

Кундуз аны менен бир класстык бөлмөнү бөлүшүп отурган окуучуларды кандай аташы керектиги анча түшүнүксүз — анткени алардын баары тең эле ага классташ эмес, бөлмөдө түрдүү курактагы балдар, 5-класстан 8-класска чейинки окуучулар отурушат. Адаттан тыш жана өзгөчө көрүнүш— алар кадимки мектепте эмес билим берүү мекемеси катары кызмат кылган эски курулуш вагонунда окушат.

«Ар бир класс өз сабактарын окуйт, бирок баарыбыз бир бөлмөдө отурабыз.Мугалим алгач бизге түшүндүрөт, анан тапшырма берет. Биз ал тапшырманы аткарганча 6-класска өзүнчө, анан 7чи, 8-класстарга өзүнчө түшүндүрүп тапшырма берет», — деп сүрөттөп берди Кундуз өзүнүн күнүмдүк окуу тартибин.

Жалпысынан бул адаттан тыш мектепте 28 окуучу окуйт. Кундуз эртең менен – биринчи сменге барат.

Түштөн кийин 1-класстан 4-класска чейинки 15 бала окуйт.

Мектептин бөлмөлөрүнүн бири.
Мектептин бөлмөлөрүнүн бири.

Дюкер конушу Баткен облусундагы Кадамжай районунун эң аз калктуу бөлүгүндө жайгашкан. Анда он жылдан бери кичинекей чакан үйлөрдө 30 үй-бүлө жашайт.

Конуш өзү эч кандай статуска ээ эмес — ал жакка айыл чарбасы үчүн жаңы жер аянттарын өздөштүрүү үчүн дыйкандар барып отурукташып калышкан. Калктуу конуштан айырмаланып андагы вагон-мектеп каттоодон өткөн — расмий түрдө ал жакынкы Бүргөндү айылындагы №28 мектептин өкүлчүлүгү болуп саналат, 2007-жылдан бери иштеп келет.

Ал ачылганга чейин дюкердик балдар билим алуу үчүн Бүргөндү айылына чейин барууга аргасыз болушчу. Андагы мектеп унаа менен барса анча алыс эмес — 10 чакырымдан ашык, бирок бул конушта унаа каражаты баарында эле бар эмес.

Жаап салууну каалашкан

Жергиликтүү бийликтегилер вагон-мектепти жабууга аракет кылышкан, бирок андай болгон күндө балдардын кандай кыйынчылыктарга туш боло тургандыктарын көрүп, бул идеядан баш тартышкан.

«Вагон-мектепти жабуу максатында министрлик (билим берүү) менен акимиаттан кишилер келишкен. Дюкер менен Бүргөндүдөгү мектептин аралыгын эсептешти —10 чакырымдан алыс болуп чыкты. Аны менен катар Бүргөндүгө барчу жолдо мунайзат менен газдын жасалма көлмөлөрү, чоң каналдар жана канжол бар. Анан бул коркунучтардан кооптонушуп мектепти жаппай эле коюу чечимине келишкен», — деди №28 мектептин директору Абдусамат Курсанбаев.

Вагондун ичиндеги кыргыз жазуучуларынын сүрөттөрү.
Вагондун ичиндеги кыргыз жазуучуларынын сүрөттөрү.

Вагон эки бөлмөгө бөлүнгөн, ар биринде парталар жана кадимки эле мектеп доскалары бар.

Кышында балдарды газ плиталарынын жардамы менен жылытышат.

«Эртели кеч биз өзүбүз же ата-энелер газ плитасын карап, тазалайбыз. Газтүтүктөрү бекем орнотулган», — деди окутуучу Мария Исаева.

Тилдерден башка сабактар

Андан сырткары мектепте дагы эки мугалим иштейт, алар балдарга түрдүү предметтер боюнча сабак өтүшөт.

Балдар орус жана англис тилдеринен башка Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген бардык сабактарды окушат. Мугалимдер аларда балдардын бардыгына жете турган сандагы китептер бар экенин билдиришүүдө.

«Азыр бизде мектеп кичинекей болгондуктан биринчи класска көп окуучу кабыл ала албайбыз. Өкмөт бизге жаңы имарат куруп берсе жакшы болмок», — дейт Исаева.

Дюкер пейзажы, мектеби менен бирге.
Дюкер пейзажы, мектеби менен бирге.

Бийликтин мындай пландары бар — ага ылайык, Дюкердин жашоочулары бардык тиешелүү инфракструктуралары менен жаңы курула турган айылдан жер алуулары керек. Алар учурда жашап жаткан конушта кала алышпайт, анткени ал орун алган жер айыл чарбасына ылайыкташтырылган жер болуп саналат.

«Дюкерде жашап жаткан адамдар жаңы айылга көчүрүлөт, анда мектеп жана башка бардык тиешелүү курулуштар курулат. Башкы план Ошто иштелип чыгып мамлекеттик программага киргизилген», — деп түшүндүрдү Ак-Турпак айыл аймагынын башчысы Алчыбай Туралиев.

Билим берүүдөгү боштуктар

Кундуз тар экенине карабастан ага мектепте окуу жагаарын билдирүүдө —айтымында, окутуучу бардык темаларды кызыктуу жана жеткиликтүү кылып түшүндүрөт.

Ата-энелердин кээ бирлери башкача пикирде — Дильбар Байматова балдары тиешелүү деңгээлде билим алган жок деп эсептейт.

Мектептин короосу.
Мектептин короосу.

Дюкердеги вагон-мектепте 8-класстан жогорку класстар жок болгондуктан Байматова кызын ошол эле Кадамжай районунун Чоң-Кара айылындагы мектепке берген.

Ошентсе да Байматова анын балдарынын билим алуусунда олуттуу боштуктар калып калды деп, сарсанаа болууда.

Аны менен катар айылдардын ортосундагы аралыктын алыстыгынан улам Байматованын кызы ал айылдагы туугандарыныкында жашоого мажбур болгон.

«Кызым башка бирөөнүн үйүндө жашаш кыйын болуп жатканын айтууда. Бирок аны бул жакка алып келсек билимсиз калат да», — деди Байматова.

Автор: Талас Алымов жана Элмурат Асан

Редактор: Бектур Искендер