Акун Батукаевдин бошотулушу үчүн акча алганын четке кагууда

Мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун криминал авторитети Азиз Батукаевдин бошотулушу үчүн 100 миң АКШ долларын алгандыгы тууралуу айтылган маалыматты четке какты.

Криминал авторитетинин туугандары «МК-Азия» гезитине телефон аркылуу берген маектеринде экс-акыйкатчы Турсунбек Акун Азиз Батукаевдин бошотулушу үчүн алардан 100 миң АКШ долларын алгандыгын билдиришкен.

«Жолдошум Адам Хамидов Бишкекке бир нече жолу учуп барып акыйкатчы менен жолуккан. 2012-жылдын мартында Адам өз колу менен Акунга 100 миң доллар берген, акыйкатчы акчаны алгандыгы жөнүндө тил кат жазып берген», — деп билдирген өзүн Батукаевдин тууганы катары тааныштырган Хава Хамидова.

Анын айтымында, Акун акчаны алгандан кийин кримавторитетти бошотуу боюнча эч кандай чара көргөн эмес. Кийинчерээк Чеченстанга барганда Батукаевдин бошотулушу үчүн дагы 400 миң АКШ долларын сураган.

«Биз аны жакшы тосуп алдык, бирок акча берген эмеспиз. Азыр анын биздин оорулуу инибиз тууралуу билдирип жаткандарынын баарын уланып жаткан пара талап кылуу деп айтса болот», — деген Хамидова.

Ал Батукаевдин бошотулушу үчүн Акундан башка эч ким акча албагандыгын кошумчалаган.

«Жаманатты кылгылары келип жатат»

Акун Азиз Батукаевдин туугандарынан акча алгандыгы жөнүндө айтылган билдирүүлөрдү четке какты. Анын айтымында, акыйкатчы — жетиштүү өлчөмдөгү, көп акча төлөнүүчү кызмат.

«Толугу менен жалган. Мени кызматыман гана кетирбестен ысымымды да аягына чейин каралоону каалап жатышат. Бул өкмөт, президенттин аппаратынын деңгээлиндеги биздин мамлекеттик бийликтин кылган иши болуш керек, ким экенин азыр так билбейм», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Экс-акыйкатчы Батукаевдин тууганы менен жолукканын ырастады. Бирок анын айтымында, алар криминал авторитетинин камактагы шарттарына даттануу үчүн кайрылышкан.

«Мен Батукаевдин тууганы менен эки жолу жолуккам, ал өзү келген. Тамак берүү жана камактагы шарттары боюнча арыз менен кайрылган. Мен аны өлкөнүн жараны катары кабыл алгам, болгону ошо. Акча алуу жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес», — деди Акун.

Батукаевдин бошотулушу

Криминал авторитети Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда 9-апрель күнү эркиндикке чыгарылган — мындай чечимди атайын түзүлгөн медициналык комиссия менен катаал режимдеги №24 абактын дарыгерлеринин чыгарган “канындагы оор лейкоз дарты” деген корутундусуна таянып Нарын облустук соту чыгарган.

Батукаев бошотулаары менен дароо Кыргызстандан чыгып, Чеченстандын борбору Грозныйга учуп кеткен.

Батукаев Нарын шаарындагы катаал режимдеги №24 абакта (№4 тергөө абагы) 2008-жылдан бери камакта болчу. Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу, мыйзамсыз курал сактоо сыяктуу бир нече беренелер боюнча Аламүдүн райондук соту тарабынан 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

Ошондой эле ал 2005-жылы Молдовановка айылындагы абакка барган депутат Тынычбек Акматбаев менен дагы бир нече чиновникти өлтүргөн деп күнөөлөнгөн

Парламент депутаттары үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда криминал авторитети Азиз Батукаевдин бошотулушуна “жардам кылгандыгы” жана “кол алдындагы кызматкерлерди негизсиз кызматтан алгандыгы” үчүн Акунду акыйкатчылыктан мөөнөтүнөн мурда кетиришкен.

Анда депутаттардын көпчүлүгү аны кетирүү үчүн добуш беришкен.

Автор: Алексей Ким