Интервью: УКМК «атайын шпиондук каражаттар» жөнүндө

28-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанга «шпиондук техникалардын» алынып келинишине көзөмөл жүргүзүүнү мыйзамдаштырууну сунуштаган. Kloop.kgнин кабарчысы атайын кызматтагылар «шпиондук» аппаратура деп кайсы техникаларды айтып жатканын аныктоого аракет кылды.

«Шпиондук» техникаларды көзөмөлгө алуу демилгесин парламенттин Коргоо жана коопсуздук комитетинде УКМКнын төрагасынын орун басары Аман Мамбетсеитов көтөрүп чыккан.

Ал Кыргызстандын аймагында «шпиондук» техникалардын көзөмөлсүз пайдаланышы жарандар менен мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туурдураарын билдирген.

Мамбетсеитов «шпиондук» аппаратуралар деп «тымызын маалымат алууга арналган каражаттарды» атаган, бирок аларга кайсылар кире тургандыгын тактап айтып берген эмес.

Kloop.kgнин кабарчысы Александра Ли атайын кызматтагылар «шпиондук» техникага эмнедерди киргизе тургандыктарын билүү үчүн УКМКнын басма сөз кызматына кайрылган.

Аудио:

Маектин кыргыз тилине которулган тексти:

А.Л.: Кандай каражаттарды «шпиондук» деп эсептесе болот?

УКМКнын басма сөз кызматы: Тымызын маалымат алууга арналган атайын каражаттарды, ал эми кайсы аппараттар экенин биз айта албайбыз, биз техник эмеспиз да.

А.Л.: А болжол мененчи? Ал [Мамбетсеитов] УКМК учурда көзөмөл жүргүзүп жатканын, бирок аны мыйзамдаштырууну каалап аткандыктарын айтпады беле. Андай аппаратуралардан мисал катары кайсынысын айта аласыз?

УКМК: А мен ал боюнча комментарий бере албайм. Мен айта ала турган нерсе — бул тымызын маалымат алууга арналган атайын техникалык каражаттар.

А.Л.: Атайын каражат деп чөнтөккө катып алган диктофонду да айтса болобу?

УКМК: Ал андай каражаттардын бөлүнүшү болуп калат. Кайсылар экенин так айта албайм.

А.Л.: А кимге кайрылса болот?

УКМК: Бизге.

А.Л.: Анда кандай болуп калат? Сиз мага айта албай койдуңуз го?

УКМК: Мен айта ала тургандарымдын бардыгын сизге айттым.

А.Л.: Кененирээк кимден маалымат алсам болот?

УКМК: Расмий кат менен кайрылып баарын сурасаңыз болот.

А.Л.: Сиз мага айтып бере албайтпайсызбы. Эгер мен силерге расмий кат жөнөтсөм кайрадан айтып бере аласызбы?

УКМК: Анда башка бирөө жооп бере алат.