Чуулуу тасмадан улам муфтияттын башчысы алмашты

Рахматулла ажы Эгембердиев аялы менен болгон мамилеси тартылган видео Интернетке жарыялангандан кийин Мусулмандар дин башкармалыгынын башчылыгынан кетти.

Эгембердиев кызматынан кеткени менен өзүн Кыргызстандын мыйзамын же шариятты бузду деп эсептебейт — ал «АКИпресс» маалымат агенттигине берген маегинде видеодогу аял анын экинчи жубайы экенин билдирген.

«Ал тасма — биздин саясатчылардын, тактап айтканда, мени менен көптөн бери тирешип келе жаткан адамдардын  эң жаман жана жийиркеничтүү кылыктары. Алар мени кысмакка алып жатышат», — деген ал «АКИпресстин» журналистине.

Чуулуу тасмадагы кадр
Чуулуу тасмадагы кадр

Ал өзүнө карата жасалган бул иштерге президент Алмазбек Атамбаевдин администрациясындагы чиновниктерди айыптады.

Эгембердиевдин борбордук бийлик менен тирешүүсү биринчи кезекте ажылыкты уюштуруу менен ким алектениши керек деген маселеге байланыштуу болгон.

«[Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия]  эсептеп жаткандай, ажылыкты Дин иштери боюнча комиссия ажылык үчүн атайын ачып, даярдаган фирмалардын катышуусу менен башкарышы керек. Андан сырткары алар авиакомпанияны тандоо боюнча өткөн тендерге да кийлигишишкен. Бирок мен алар менен макул боло алган жокмун», — деди кызматынан кеткен муфтий.

Айтымында, ал видео чыккандан кийин эки жубайынын тең абалдары кыйла начарлап кеткен.

Жаңы башчы

Эгембердиев кеткенден кийин Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгын буга чейин муфтийдин орун басары болуп иштеп келген Максат ажы Токтомушев башкарып калды — мындай чечимди 7-январда Мусулмандар дин башкармалыгынын Уламалар кеңеши кабыл алды.

«Бүгүн Кыргызстандын мусулмандарынын уламалар кеңеши өтүп, мусулмандардын курултайына чейин, бир айга жаңы муфтий шайланды», — деди муфтийдин басма сөз катчысы Асан Саипов Kloop.kgге берген маегинде.

Ал Эгембердиев кызматтан өз каалоосу менен кеткендигин жана ордуна Чүй облусунун казысы Нурлан Танабаевди калтырууга аракет кылганын кошумчалады. Бирок айтымында, кеңеш анын талапкерлигин колдогон жок.

«Уламалар кеңеши аны колдогон жок. Бул мыйзамсыз жол, ошондуктан муфтий кылып Максат ажы Токтомушевди дайындадык», — деди Саипов.

Басма сөз катчы Эгембердиев кызматынан чуулу тасманын айынан гана кетпегендигин белгилеп, бирок экс-муфтийдин кетүүсүнө дагы кандай себептер болгондугун тактап айткан жок.

Муфтийдин аялы менен болгон төшөктөгү мамилеси тартылган видео интернетте декабрдын аягында пайда болуп, ал 6-январда Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалынынын имаратынын алдындагы нааразычылык акциясын жараткан. Эгембердиевдин пикиринде, ал акция бийлик тарабынан уюштурулган.

Өз кезегинде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Эгембердиевди «жеке өзүнө тиешелүү» чырга байланышкан көңүл бурууларды мамлекетти көздөй багыттабоого чакырды.

«[Эгембердиев]  өз кылгандары үчүн актанууга себептерди  табуу максатында жеке өзүнүн көйгөйүнө байланышкан коомчулуктун көңүлүн өзү ойлоп тапкан мамлекеттик органдар тарабынан болгон кысымдарга, тоскоолдуктарга бурууга аракет кылып жатат», — деп жазылган мамлекеттик комиссиянын пресс-релизинде.

Автор: Мираида Жапарова