Сарууга ичкериден көз караш

«Кумтөр» алтын кенине байланышкан митингдерди өткөрүп келгендиги менен белгилүү Саруу айылы жаңы жылдык эс алуу күндөрүндө кышкы уйкуда. Бирок мамлекет ичинде мамлекет түзүп алышкан жергиликтүү активисттер жазында жаңы митингдерди уюштура тургандыктарын убадалап жатышат.

Саруу айылы Ысык-Көл облусундагы «Кумтөр» алтын кенинен 40 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Нааразычылык кыймылдын жергиликтүү лидерлери кен алардын экологиясына эбегейсиз чоң зыян алып келип жатканын айтып жатышат.

Саруулуктар 2013-жылдын жай айларынан бери «Кумтөрдү» улутташтыруу талабы менен өткөн митингдердин эң жигердүү катышуучуларынан болуп калышты.

Саруунун активисттеринин катышуусундагы нааразычылык акциялары бир нече жолу митингчилер менен милициянын ортосундагы кагылышуу менен аяктаган.

Эң ири кагылышуу 2013-жылдын октябрынын башында болгон, анда аталган айылдын жашоочуларынан турган демонстранттар облустун борбору Каракол шаарына барышып, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмил Каптагаевди бир нече саатка барымтага алып алышкан.

Жыйынтыгында ал нааразычылык акциясы милиция тарабынан куулуп таратылып, демонстранттардын бир катары кармалган. Алардын кээ бирлери дагы деле сотту күтүп Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта.

Андан соң саруулуктар  эки талап боюнча митингдерди уюштуруп башташкан — алардын «Кумтөрдү» улутташтыруу талабына камакка алынган айылдаштарын бошотуу чакырыктары да кошулган.

Арасында жергиликтүү айылдык кеңештин депутаттары бар формалдуу эмес лидерлердин жетекчилиги астында саруулук демонстранттар мамлекеттин ичинде өзүнчө бир мамлекет түзүп алышкан — айылда үч айдан бери милиция да, кайсы бир расмий бийлик өкүлдөрү да жок жана тартиптин баары «элдик башкаруу»  тарабынан белгиленет.

Андан сырткары «элдик башкаруу» декабрда айылга өзгөчө абал киргизип, эгер атайын кызматтагылар менен милиция айылга чабуул жасаса «элдик соттун» алдында жооп бере тургандыктарын айтышып коркутушкан.

Kloop.kgнин кабарчысы Уулкан Жекшенбек кызы тынчы жок айылдын өзүнө барып, «элдик башкаруунун» ишине ичинен күбө болуп кайткан.

Саруудагы тынчы жок абалдын белгилеринин бири — бул УКМКнын «кыйноолоруна» туш болгон (жергиликтүү лидерлердин айтымдарында) жашоочулардын айылдын көчөлөрүнө илинген сүрөттөрү:saruu_1548«Элдик башкаруу» айылдык кеңештин жанындагы ушул кичинекей имаратта жайгашкан. Жергиликтүү лидерлер ал имартты «контора» деп аташат:saruu_1549Жанаша жайгашкан айылдык кеңештин алдына да «Кумтөргө» байланышкан жазуулар илинген: saruu_1550 (1)Мында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге «элдин байлыгы уурдатылбай» тургандыгы жазылган: saruu_1547«Элдик башкаруунун» лидерлеринин бири, айылдык кеңештин депутаты Замирбек Мендебаев 2014-жылдын жаз айларында «Кумтөрдүн» улутташтырылышын талап кылган жаңы нааразычылык акцияларын өткөрө тургандыктарын убадалады.

Анын айтымында, айылдыктар «Кумтөрдү» башкаруудагы үлүштөр боюнча өкмөт кабыл алган (оппозиция талап кылгандай үлүштөрдүн 67 пайызын Кыргызстандын пайдасына эмес 50-50 пайыздан бөлүштүрүү) чечимге нааразы.

«Жазында ар бир үйдөн бирден киши чыгат да биз чечкиндүү кадамдарга барабыз», — деп ынандырды Мендебаев. saruu_1552Алар убадалап жаткан чечкиндүү кадамдардын ичинде — 2013-жылдын май айындагыдай «Кумтөргө» барчу жолду тосуу. Кендин өзү Саруудан куралсыз көз менен эле көрүнүп турган бул тоолордун ары жагында жайгашкан:saruu_1551Мендебаев «Конторанын» ичинде рация менен сүйлөшүп отурат — анын айтымында, бул бөлмөдө «элдик башкаруу» тарабынан түзүлгөн күч түзүмдөрүнүн иши координацияланат:saruu_1553«Конторанын» ашканасы:saruu_1554Жаз келип, чечүүчү кадамдар жасалганга чейин саруулук жаштар «конторада» үстөл теннисин ойноп жатышат:saruu_1555Автор: Уулкан Жекшенбек кызы