Бишкекти эмнеси үчүн сүйсө болот?

ЖМКлар менен коомдук желелерде Бишкектеги терс көрүнүштөрдү талкуулоо басымдуулук кылат — шаардын жетишкендиктерине караганда кемчиликтерине көп көңүл бурулат. Ошентсе да Кыргызстандын борборунда позитивдүү эмнелер бар?

Кыргызстандагы популярдуу «Дизель» форумунун «Саясат жана коом» бөлүгүнө кирип көрсөңүздөр ай сайын жүздөгөн болбосо да ондогон темалар Бишкектин тигил же бул көйгөйүнө арналаарына күбө болосуздар. Ошол эле маалда борбордогу позитивдүү көрүнүштөрдү талкууга арналган темалар — бириндеп саналат.

Ушундай эле терс пикирлер басымдуулук кылган шайкештик жалпыга маалымдоо каражаттарына да мүнөздүү.

Албетте, Кыргызстандын борбору дарегине айтылган сын-пикирлердин көпчүлүгүнө татыктуудур, бирок Kloop.kgнин редакциясына буга чейин борбордун бардык жакшы жактарын бир жерге чогултуу аракети эч ким тарабынан көрүлбөгөндөй сезилүүдө.

Бишкектин өзү жайгашкан аймактын, а балким дүйнөнүн башка шаарларынан бөлүп турган кандай өзгөлүктөрү бар?

Күнү-түнү иштеген супермаркеттер жана дарыканалар2014_52

Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгү үчүн ойго келбеген көрүнүш. Мындай көрүнүш Борбордук Азияда — Бишкектен башка — балким Казакстандын ири шаарларында эле бар болушу мүмкүн.

Кыргызстандын борборунда кайсы маалда болбосун дээрлик көңүлүң каалаган нерсенин бардыгын — нандан баштап презервативге чейин, пол жууган чүпүрөктөн грузин шарабына чейин сатып алсаң болот.

Эң башкысы супермаркетке жакын жашоо керек. Бирок алар деле шаарда жетишээрлик санда.

Толеранттуулук

Самаркандда туулуп өскөн Нафиса Хасанова жумуштары менен Бишкекте көп болот. Ал жалпысынан улуттар аралык мамилелер дайыма эле жакшы боло бербеген Кыргызстанда улутуна байланыштуу эч кандай басым жасоолорду сезбестигин айтат.

«Бишкек мага өтө толеранттуу шаар сезилет. Бирок чынын айтыш керек, мен бул жакта акыркы жолу болгондо кайсы улуттан экенимди өтө көп сурашкан, ар түрдүү улуттарды айтышкан, бирок эч кандай негативди сезген эмесмин», — дейт ал.

Түрдүү улуттагы түйгөлөр ар бир эле бурчта кездеше бербейт, бирок бар. Сүрөттүн автору: Дильшад Камирдинов
Түрдүү улуттагы түйгөлөр ар бир эле бурчта кездеше бербейт, бирок бар. Сүрөттүн автору: Дильшад Камирдинов

Дүйшөмбү шаарынан келген студент Екатерина Шошинанын пикиринде, борбордо турмуш-тиричиликтик мүнөзгө ээ улутчулдук көрүнүштөр болуп турат, бирок жалпысынан шаар түрдүү маданияттагы чөйрө үчүн ылайыктуу.

«Мен — метисмин, менин жакын курбуларым — кыргыздар, корейлер, орустар, тажиктер, памирликтер, татарлар. Бул жерде биз баарыбыз жашайбыз, жыргайбыз, капаланабыз, окуйбуз, сүйүшөбүз жана бул жер биз үчүн жайлуу», — дейт ал.

«Албетте, башка шаарлардай эле Бишкекте деле улуттар аралык келише албастыктар болуп турат, бирок бул жакта мага эч ким эч качан тийишкен эмес», — дейт ал.

Арзан, көп түрдүү жана салыштырмалуу пайдалуу тамак-аш

Бишкекте ашканалар өтө көп түрдүү, кээ бирде географиялык жактан өтө алыс жашаган улуттардын да ашканалары кездешет.

Өзүнүн жеке блогу аркылуу ресторандарга баа берип келгендиги менен белгилүү Жоомарт Ормонбеков бир топ жыл чет өлкөлөрдө жашап келген. Бишкекке кайтып келгенде ал борбордо коомдук тамактануунун маданиятынын өнүккөндүгүнө таң калган.

Бишкектин борборундагы италиялык аталыш жана «Ristorante» деген жазуубу? Оппоңой.
Бишкектин борборундагы италиялык аталыш жана «Ristorante» деген жазуубу? Оппоңой.

«Бишкекте мага биздин коомдук тамактануунун өзгөрүүлөргө бай экендиги жагат. Мен көп жыл өлкөдө болгон эмесмин, бирок кайра кайтып келгенде дароо эле тандоо пайда болгонун байкадым», — деди ал.

«Кыргыз концепт» туристтик операторунун ээси Эмил Үмөталиев тамактануу же бир нерсе ичип отурууга мүмкүн болгон жайлардын түрлөрүнүн арасынан кофе ичүүчү жайларды өзгөчө бөлүп көрсөтөт.

«Кофе ичүүчү жайлардын саны, тейлөөсү жана алардын продукцияларынын сапаты — бардык эле жерде идеалдуу эмес, бирок алар Бишкек үчүн абдан сонун. Ал эмес Прагада да мынчалык сандагы заманга ылайык жана жакшы кофе ичүүчү жайлар жок», — деп эсептейт ал.

Эркиндик деми

Бул жерде эркиндик деген сөздүн артында беш жылда бир бийлик алмаштыруудан башка көп нерселер бар.

Коңшу өлкөлөрдүн жашоочуларынын көбү Бишкектеги уруксат берилген көп түрдүүлүктүн деңгээлине таң калышат.

Алсак, Алматынын жашоочусу Сауле Меирманова мындагы саясий жана жарандык эркиндиктин жогорку деңгээлине суктанат.

«Бул жерде сокур ишеним жок, менде абада жандуу жана түрдүү идеялар учуп жүргөн, курч талаш-тартыштарга толгон, коркуу сезими жок жана өз пикириңди катуу кыйкырып айтууга мүмкүнчүлүк бар шаарда жүргөндөй сезим жаралат», — деп эсептейт ал.

Бишкекте митингдер өтө көп болот, андыктан кээ бирде митингдерге каршы митингдер да болуп турат. Сүрөттө 2013-жылдын 12-мартындагы митингтерге каршы өткөн митинг.
Бишкекте митингдер өтө көп болот, андыктан кээ бирде митингдерге каршы митингдер да болуп турат. Сүрөттө 2013-жылдын 12-мартындагы митингтерге каршы өткөн митинг.

Ал эми Самарканддын тургуну Нафиса Хасанова Борбордук Азия өлкөлөрүнүн көптөгөн башка шаарларында кездешпеген Бишкектеги сезимдерди билдирүүнүн эркиндигин белгилейт.

«Бул жерден мен жаштар көчөлөрдө өз сезимдерин жашырбай турганын байкадым. Сейил бактарында кучакташкандар, өбүшкөндөр көп экен, бул мындагы элдин чыдамдуулугун көрсөтүп турат», — дейт ал.

Максым челектери

Максым челектери — Бишкектин өтө маанилүү бир бөлүгү, француз Николя Журну аларга бүтүндөй бир комиксти арнаган.
Максым челектери — Бишкектин өтө маанилүү бир бөлүгү, француз Николя Журну аларга бүтүндөй бир комиксти арнаган.

Улуттук суусундуктун өтө популярдуулукка жетип, ошол эле маалда өзүнчө брендге ээ болуу менен ар бир бурчта жеткиликтүү болушу өтө сейрек учуроочу көрүнүш.

Көпчүлүк үчүн максым саткан челектердин пайда болушу — жакшы мезгилдин келишинин символдорунун бири болду десек болот.

Өткөн жылы экс-мэр Иса Өмүркулов максымдын челектерин шаардын көчөлөрүнөн алып салууну сунуштаганда шаардыктардын арасында нааразычылыктардын толкуну пайда болгон. Бул шаардыктардын шаардын символдорунун бири менен коштошууга даяр эмес экендигин көрсөткөн.

«Чынында эле алар шаарга колорит берип турат, кымбат эмес, даамдуу, пайдалуу суусундуктун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылып турат. Адамдардын кола же башка ошол сыяктуу суусундуктарды ичкенден көрө пайдалуу, салттуу суусундуктарды ичкени жакшы да», — деп жазган анда Бишкектин жашоочусу Руслан Токочев өзүнүн «Фэйсбуктагы» баракчасына.

(Салыштырмалуу) гендердик тең укуктуулук

Бишкек — бул албетте Стокгольм эмес, бирок өз аймагында эркектер менен аялдардын тең укуктуулугу боюнча эң жогорку деңгээлде турат.

«Бизде кичи жана орто бизнесте, мамлекеттик кызматтардагы аялдар менен эркектердин шайкештиги коңшу өлкөлөргө караганда теңдештирилген», — деп эсептейт «Кыргыз концепттен» Эмил Үмөталиве.

Дүйшөмбү шаарында туулуп өскөн Екатерина Шошина тең салмактуулуктун башка жагын — күн ысыкта башка адамдардын сындарына, жаман сөздөрүнө кабылбай ачык кийинип жүрүү мүмкүнчүлүгүн байкаган.

«Бишкекте мини-юбка же Дарт Вейдердин костюмун кийип жүрө берсең болот, сага эч ким эч нерсе дебейт», — деп эсептейт ал.

Борбордун феминисттери Шошинанын мындай чечкиндүү айткандары менен макул болбошу мүмкүн, бирок ачык иш алып барып жаткан феминисттик уюмдардын бар экендигинин фактысы да шаарды уникалдуу кылат.

«Бишкек активдүү — ар дайым түрдүү кампанияларды өткөрүп келген феминисттик уюмдар бар жана биз [шаардыктар] аларга катышабыз. Муну менен сыймыктанса болот», — деп эсептейт Жоомарт Ормонбеков.

Ооба, бул сүрөт Бишкекте тартылган.
Ооба, бул сүрөт Бишкекте тартылган.
Бул дагы Бишкекте тартылган.
Бул дагы Бишкекте тартылган.

Такси

Бишкектин таксилери таң калаарлык ыңгайлуу. Таксини көчөдөн кармаганга караганда «расмий» чакыруу тез, арзаныраак жана коопсуз болот — мындай көрүнүш Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн гана эмес, жалпы дүйнө жүзү үчүн сейрек көрүнүш.

Бишкек таксилери — бир топ арзан жана чакыруу боюнча тез келет.
Бишкек таксилери — бир топ арзан жана чакыруу боюнча тез келет.

Өзүнүн кесибинен улам Эмил Үмөталиев 20 жылдан бери туристтерди тосуп алып кайра узатып келет. Ал такси кызматынын кандай өзгөргөндүгүнө күбө болгон.

«90-жылдардын башында биздин айдоочуларды сылыктыкка жана меймандостукка үйрөтүү өтө оор болчу. Бүгүн базар экономикасы менен атаандаштык аларды сылык кылып, кардарларга болгон мамилелерин жакшыртты», — дейт ал.

Жоомарт Ормонбеков да ушундай эле пикирди карманат.

«Бишкек биздин таксилерди телефон же СМС аркылуу чакыра ала тургандыгыбыз менен өзгөчөлөнүп турат, бизде көчөдө кыйкырып такси чакыруу көнүмүш болбой калган», — дейт ал.

Бул өзгөчөлүктү чет элдик жарандын айткандары да ырастап турат.

«Бишкектин таксилери мени таң калтырды — бардыгы тез, ыңгалуу жана чөнтөккө чак», — деп суктанды Өзбекстандан келген Шохрух.

Бак-дарактар

2013-жылдын июнунда Бишкекке белгилүү орус блоггер-дизайнери Артемий Лебедев келгенде көптөгөн жергиликтүү Интернет-колдонуучулар өзүнүн ырайымсыз сын-пикирлери менен белгилүү блоггер алардын туулуп өскөн шаары тууралуу эмне кызыктарды жазаарын кызыгуу менен күтүшкөн.

Күтүлгөндөй эле Лебедев шаардын инфраструктурасын какшыкка алган, ошол эле маалда күтүүсүздөн бак-дарактардын көптүгү жакканын белгилеген.

«Бул жерде саякатчы бир аз алаксып, көңүлү шаардын өзгөчө жашыл экендигине бурулат. Фантастикалуу жапжашыл. Ушунчалык жашыл шаар экен, нөшөрлөп жааган жаанда бир бактын түбүнө туруп алсаң суу болуп калам деп корпойт экенсиң. Бак-дарактар шаарды көңүл чөгөрлүк көрүнүшүнөн, кең көчөлөрдүн бир түрдүүлүгүнөн куткарып турат», — деп жазган ал Кыргызстандын борборуна болгон саякаты тууралуу отчетунда.

Артемий Лебедевдин Бишкектин канчалык деңгээлде бак-дарактуу экендигин көрсөткөн сүрөтү.
Артемий Лебедевдин Бишкектин канчалык деңгээлде бак-дарактуу экендигин көрсөткөн сүрөтү.

Базарлар

Кыргызстандын экономикасынын негиздеринин бири — бул базарлар, өзгөчө абдан чоң аятнка ээ «Дордой» базары.

Алар коңшу өлкөлөрдөн түрдүү деңгээлдеги ишкерлердин Кыргызстанга келип жатышынын эң башкы себептеринин бири болуп эсептелинишет.

Чынын айтыш керек, «Дордой» базары өзүнчө бир шаарга айланды. Ошондуктан ага арнап, «Дордойду эмнеге сүйүүгө болот?» деген өзүнчө макала чыгарууга татыктуудур.
Чынын айтыш керек, «Дордой» базары өзүнчө бир шаарга айланды. Ошондуктан ага арнап, «Дордойду эмнеге сүйүүгө болот?» деген өзүнчө макала чыгарууга татыктуудур.

Биринчи кезекте кытай товарлары менен белгилүү «Дордой» базары өз кирешелеринин көпчүлүк бөлүгүн ал товарларды Борбордук Азия өлкөлөрүнө жана Орусияга кайрадан сатуу аркылуу табат.

«90-жылдардын башында биздин өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн өтө либералдык саясий шарттар бар болчу, бул аталган тармактагы өтө чоң секириктерге себеп болду», — деп түшүндүрдү кытай товарларын кайра сатуу Кыргызстандын борборуна «болуп көрбөгөндөй толук эркиндик мүмкүнчүлүктөрүн» берет деп эсептеген Эмиль Үмөталиев.

Албетте бул толук тизме эмес. Бишкекти сиздер эмнеси үчүн сүйөсүздөр? Кыргызстандын борборундагы позитивдүү нерселер тууралуу өз пикирлериңиздерди калтырыңыздар, алардын эң кызыктууларын өзүнчө материал кылып чыгарабыз. Пикирлериңиздерди материалдын төмөнкү жагындагы пикир калтыруу бурчуна же болбосо bektour@kloop.kg дарегине жөнөтсөңүздөр болот.

Автор: Амина Сулеева