Орусия Кыргызстандагы авиабазасынын «согуштук дараметин күчөтүүгө» камданууда

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу кыргызстандык кесиптеши Таалайбек Өмүралиев менен болгон жолугушуусунда Кремль бийлиги Бишкектен алыс эмес жайгашкан авиабазасынын «согуштук дараметин күчөтүүгө» даярданып жатканын билдирди.

Коргоо министрлеринин жолугушуусу 3-февралда, Өмүралиев иш сапары менен жүргөн Москва шаарында болду.

Шойгу Орусия өзүнүн Канттагы авиабазасынын «согуштук дараметин күчөтүүнү болжолдоп» жатканын билдирди, бирок ал бул сөздөрдүн артында эмнелер тургандыгын тактап түшүндүргөн жок.

«Кыргызстандын куралдуу күчтөрү менен орусиялык аскер базасынын бөлүктөрүн пайдаланууну биргеликте пландоого чоң маани беребиз. Биргелешкен аракеттер менен биздин өлкөлөрдүн коопсуздук коркунучтарына туруштук бере турган ишенимдүү коргоо мүмкүнчүлүктөрүн түзөбүз деп эсептейм», — деп билдирди ал.

РИА Новости агенттигининин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы Орусия Кантка төрт модернизацияланган  Су-25СМ согуштук учагын алып келгени жатат.

«Модернизацияланган Су-25СМ согуштук учактарынын тобу Кыргыз Республикасында жайгашкан орусиялык «Кант» авиабазасын куралдандыруу үчүн быйыл жеткирилет», — деп жазган маалымат агенттиги.

«Манас» Транзиттик жүк ташуу борборунун чыгарылышын талкуулоо

Өз кезегинде Таалайбек Өмүралиев Ооганстандагы НАТОнун коалициялык аскердик күчтөрүн колдоо менен алектенген «Манас» Транзиттик жүк ташуу борборун чыгаруу 2014-жылы аяктай тургандыгын билдирди.

Кыргызстандын коргоо министри «Манас» Транзиттик жүк ташуу борборун чыгаруу процессин «кайтарылгыс» процесс деп атады.

«Аянтты жана мүлктөрдү тапшыруу боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Ал ошондой эле базанын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыга турган мөөнөтүн да аныктаган», — деп билдирди Өмүралиев.

Министрлер ошондой эле коалициялык күчтөрдүн Ооганстандан чыгып кетүүсүнүн борбордук-азиялык аймакка тийгизиши мүмкүн болгон кесепеттерин талкуулашты.

Шойгу бул маселенин алкагында эгер Борбордук Азиядагы абал курчуп кете турган болсо Орусия Кыргызстанды коопсуздук менен камсыз кылуу үчүн «болгон күчү менен колдоо көрсөтө» тургандыгын билдирди.

«Тиешелүү келишимдер түзүлгөн жана биз биргелешкен макулдашуулардагы каралган мөөнөттөн эртерээк, өткөн жылдын декабрынан баштап жеткирүүлөрдү баштадык», — деп билдирди ал.

Автор: Эльдияр Арыкбаев