Тыюу салынганына карабастан Оштогу бир катар мектептер Ыйык Валентин күнүн белгилешти

Ош шаардык бийлигинин Ыйык Валентин күнүн майрамдоого тыюу салганына карабастан калаанын кеминде 10 мектебинде майрам расмий эмес түрдө белгиленди.

Kloop.kgнин кабарчылары байланыша алган мектеп окуучулары алардын аты-жөнүн жана кайсыл мектепте окуй тургандыктарын ачыкка чыгарбоону өтүнүштү.

Иш-чаралар дээрлик жашыруун өткөрүлгөндүктөн түштүк борбордогу 56 мектептин канчасында майрамдын белгиленгендигин так аныктоого мүмкүн эмес.

Бир катар окуучулардын айткандарына ылайык, кеп болжол менен 10го чукул мектеп жөнүндө болууда, алардын көпчүлүгү шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан.

Ал билим берүү мекемелеринин жетекчилери өз окуучуларынан алардын мектепте Ыйык Валентин күнүнүн белгиленгендиги тууралуу эч кимге айтпоолорун өтүнүшкөн.

Kloop.kgнин кабарчылары бул күндү майрам катары белгилөөгө тыюу салынган мектеп окуучулары менен да сүйлөшүп көрдү.

№6 мектептин окуучусу классташтары менен бирге майрамга карата иш-чара уюштурууну каалагандыктарын, бирок мектеп директору аларга тыюу салып койгонун айтты.

«Кыргыздардын тарыхында болгон эмес»

Шаар бийлиги мындай майрам «кыргыздардын тарыхында болгон эмес» деген жүйөө менен мектептерде Ыйык Валентин күнүн майрамдоого тыюу салган.

Ош шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Куштарбек Кимсанов «Интерфакс» маалымат агенттигине берген маегинде майрам «балдардын моралдык абалына терс таасирин тийгизип жатканын» билдирген.

Оштун бийлиги Ыйык Валентин күнүнө жооп катары 15-февралда майрамдалчу Үй-бүлө күнүн сунушташкан.

Ош бийлигинин бул кадамы Кыргызстандын коомчулугундагы эң консервативдүү көз караштарга дал келет.

Бир нече жылдан бери катары менен сүйүшкөндөр күнүнө активдүү каршылыгын билдирип келген парламент депутаты Турсунбай Бакир уулу аны өлкөнүн бардык аймактарында тыюу салууга чакырган.

Ошто жергиликтүү бийлик чараларды көрүп баштаганы менен Бишкектин мектептери андай сунуштарга эч кандай реакция жасаган жок — борбордогу билим берүү мекемелеринде Ыйык Валентин күнү расмий түрдө белгиленди.

Автор: Бектур Искендер