Орусия: Акаевдин күйөө баласы камактан бошотулду

Экс-президент Аскар Акаевдин камакка алынган күйөө баласы Адил Тойгонбаев бошотулду. Ал Орусия бийлиги тарабынан 15-февраль күнү кайрадан камакка алынган болчу.

Тойгонбаев камактан 17-февралда чыгарылды — бул тууралуу анын жактоочусу Николай Полозов өзүнүн Twitter кичи блогдук платформасындагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Мен жактоого алган Адил Тойгонбаев камактан чыгарылды. Ага карата Орусия Федерациясынын бийлигинин эч кандай дооматы жок», — деп жазган ал.

Өз кезегинде Кыргызстан Орусиядан алдамчылык беренеси боюнча айыпталып жаткан Акаевдин күйөө баласын өткөрүп берүүнү өтүнүп жатат.

Тойгонбаевдин өзү LifeNews маалымат агенттигине берген маегинде кылмыш иштери боюнча куугунтуктоону токтотууга аракет кылаарын билдирген.

«Алар 2005-жылкы иштер жана аны кылган адамдар азыр эч нерсе деп жооп бере алышпайт. Андан бери өлкөдө бир нече жолу бийлик алмашты. Алардын өлкөсүндө тартип жок», — деген ал.

Тойгонбаев орус полициясы тарабынан 15-февралда кайрадан кармалган — бул анын акыркы 10 күндүн ичинде экинчи жолу кармалышы. Биринчи жолу ал Москванын Шереметьево аба майданында кармалган болчу.

Адил Тойгонбаев Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин улуу кызы Бермет Акаеванын күйөөсү болгон.

2005-жылы Акаев бийликтен кеткенден кийин ал алдамчылык, өзгөчө ири суммадагы акча уурдоо, ошондой эле салык төлөөдөн качуу беренелери боюнча айыпталып, издөөгө жарыяланган.

Акаев маалында маалымат каражаттарына тымызын цензураны Тойгонбаевдин өзү жүргүзүп, президенттин үй-бүлөсүнө өлкөдөгү ири бизнести көзөмөлдөөгө да жардам берет деп да айтылып келген.

Ошондой эле ал Акаевдин аракеттерин сынга алган мамлекеттик эмес сектор менен күрөшкөндүгү менен да белгилүү болгон.

Тойгонбаевдин учурундагы жашоо Акаевдин күйөө баласынын башкаруусундагы медиа-холдингде иштеп жүргөндө жазган москвалык пиар адистин блогунда кеңири баяндалган.