Видео: Депутаттын тыюу салынган айнектери караңгылатылган унаасы

Алдынкы айнектери караңгылатылган мамлекеттик 0081 KG номурлуу автоунаа Kloop.kgнин кабарчылары тарабынан видеого тартылып алынган. Унаа депутат Каныбек Иманалиевге таандык.

Унаа парламент имаратынын батыш тарабындагы кире бериштин жанына токтотулган. Жогорку Кеңештин унаа каражаты ишканасынын маалыматы боюнча, мамлекеттик 0081 KG номуру депутат Каныбек Иманалиевдин атына жазылган.

Азырынча бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Иманалиев жеткиликсиз болууда.

Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов Kloop.kgге берген маегинде алдынкы эки капталдагы жана маңдайкы айнектерди караңгылатууга тыюу салынгандыгын билдирди.

«Жол эрежелеринин негизинде Жол кайгуул кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан административдик протокол түзүлөт да унаа айып жайга токтотулат. Андан соң дароо эле айнектериндеги караңгылатуу каражаттары сыйрылып, материалдар сотко жөнөтүлөт», — деди басма сөз катчы.

Ал айнектерин караңгылатууга уруксат берилген унаа каражаттарынын атайын тизмеси бар экенин кошумчалады. Бирок анын айтымында, ал тизмеге жеке унаалар эмес жалаң гана кызматтык унаалар киргизилген.

«Депутаттын эле эмес башка кайсыл гана мамлекеттик органдын кызматкеринин жеке унаасы болбосун айнектери караңгылатылган болсо тиешелүү чаралар көрүлөт», — деди Оторов.

Автор: Айзирек Алмазбекова