ИИМ: Жашы жете элек өспүрүмгө алкоголдук ичимдик саткан дүкөндөргө карата тиешелүү «чаралар көрүлөт»

Дүкөндөргө карата «тиешелүү чаралардын көрүлүшү» үчүн жашы жете элек өспүрүмгө алкоголдук ичимдиктердин сатылгандыгы тартылган видео аймактык тескөөчүлөргө өткөрүлүп берилет — бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Видео борбордогу дүкөндөрдүн жашы жете элек балдарга спирт ичимдигин сатаар-сатпасын билүү максатында Kloop.kgнин кабарчылары тарабынан тарылган болчу.

Kloop.kgнин жашы жете элек кабарчысына алкоголдук ичимдиктердин сатылгандыгы тартылган видео аймактык тескөөчүлөргө өткөрүлүп берилет, өз кезегинде алар материалдардын негизинде тергөө иш-чараларын башташат.

«Материалдардын бардыгы тең аймактык тескөөчүлөргө берилет. Бул алардын иши. Бул иш боюнча кийинки чечимдерди ошолор кабыл алышат», — деди ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев.

Анын айтымында, соода түйүндөрү 18 жашка чыга элек өспүрүмгө алкоголдук ичимдик саткандыктары үчүн 10 миң сомдон 70 миң сомго чейинки өлчөмдө айып төлөө жазасы менен жазаланышы мүмкүн.

Kloop.kgнин редакциясы Бишкектеги дүкөндөр жашы жете элек балдарга алкоголдук ичимдиктерди сатаар-сатпасын текшерүү үчүн тажрыйба жүргүзгөн.

Kloop.kgнин 18ге чыга элек журналисти төрт дүкөндүн үчөөсүнөн эч кандай тоскоолдуктарсыз эле арак сатып ала алган.

«Народный» дүкөндөр тармагынын супермаркетинде гана документин көрсөтүүсн талап кылып, спирт ичимдигин сатуудан баш тартышкан.

Жашы жете элек өспүрүмдөргө спирт ичимдиктерин сатууга «Этил спиртин, алкоголдук жана курамында спирт бар продукцияларды мамлекеттик көзөмөлдөө жөнүндөгү» мыйзам жана Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстин 92-беренеси менен тыюу салынган.

Автор:  Нуржамал Жаныбекова