Кыргызстан Тажикстан менен болгон чек арасын ача баштады

Кыргызстандын бийлиги кыргыз-тажик чек арасында орун алган январдагы жаңжалдан кийин жабылган чек ара бекеттерин ача баштады. Андагы беш көзөмөл өткөрмө бекетинин экөөсү 31-марттан тарта толугу менен иштеп баштады. Дагы экөөсү жөө адамдар үчүн гана ачылды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чек ара бекеттеринин ачылгандыгы жөнүндөгү маалыматты Kloop.kgге берген маегинде Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Бөрүбаева ырастады.

Анын айтымында, «Карамык» жана «Бордөбө» чек ара бекеттери толугу менен ачылган — алар аркылуу жөө адамдар дагы, унаалар дагы өтө алышат.

Дагы эки чек ара бекети — «Кулунду» жана «Кайрагач» — азырынча жөө адамдарды өтүшү үчүн гана ачык, ал эми унаа кыймылы үчүн жабык бойдон турат.

Бешинчи өткөрмө бекет — «Кызыл-Бел» — азырынча бир багыттуу тартипте гана иштеп жатат. Ал аркылуу Тажикстан менен Кыргызстандын жарандары өз өлкөлөрүнө гана өтө алышат.

Үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары болсо мурункудай эле чек ара бекеттеринен эч кандай тоскоолдуктарсыз өтө беришет.

«Чек ара бекеттеринин ачылышы Тажикстандын расмий кайрылуусу менен байланыштуу», — деди Бөрүбаева Kloop.kgге берген маегинде.

Азырынча көзөмөл өткөрмө бекеттеринин ачылышы боюнча комментарий алууга Тажикстандын бийлиги жеткиликсиз болууда.

Жол курулушунан улам чыккан ок атышуу

Кыргызстандын аймагы менен курчалган Ворух тажик эксклавынын кире бериши.
Кыргызстандын аймагы менен курчалган Ворух тажик эксклавынын кире бериши.

Кыргызстан Тажикстан менен болгон чек арасын 2014-жылдын январында, чек ара аймагында жайгашкан Көк-Таш кыргыз айылында эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосундагы ок атышуудан кийин жапкан.

Ал атышуунун жыйынтыгында эки тараптан биригип 7 киши жаракат алган. Анда тараптар ок атууну биринчилерден болуп баштаган деп бири-бирин айыпташкан.

Чек ара жаңжалынын чыгышына Кыргызстандын Ворух тажик анклавын айланып өтө турган унаа жолун куруп башташы себеп болгон — тажик чек арачылары болсо жол куруу иштери алардын аймагында жүргүзүлүп жатат деп эсептешкен.

Борбордук Азиядагы бул эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын такталбагандыгынан улам анда мезгил-мезгили менен жаңжал чыгып келет — өлкөлөр эгемендүүлүк алгандан бери чек араларды демаркация жана делимитациялоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

Жагдайды 1920-жылдардагы Советтик Орто Азияда жашаган улуттардын ортосундагы жер бөлүштүрүүнүн жүрүшүндө пайда болгон татаал анклав системалары оорлотууда.

Чек аранын жабылышы эки өлкөнүн тең ишкерлерине зыян алып келди, анткени жергиликтүү тургундардын ортосунда активдүү соода-сатык иштери жүргүзүлүп келген.

Авторлор: Эмилия Шермамат кызы жана Бектур Искендер