Бишкектин мэринин жол эрежесин бузган айдоочусу 500 сом айып төлөдү

Милиция Бишкектин мэринин айдоочусуна 500 сом айып салды. Буга калаа башчысынын унаасынын жол эрежесин бузуп жаткандыгы тартылып алынган видеонун интернетке жарыяланышы себеп болду.

Жол кайгуул кызматкерлери Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун унаасы жол эрежесин бузгандыгы тартылган видеону көрүп чыгышкандан кийин айып салынды — бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Оторов билдирди.

«Биз тараптан жол кыймылынын эрежелеринин «карама-каршы тилке аркылуу жүрүү» жана «жол чырак кызыл күйгөндө токтобой өтүп кетүү» беренелеринин негизинде протокол түзүлдү», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Бишкек мэриясы «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына айып төлөнгөндүгүн тастыктаган дүмүрчөктүн көчүрмөсүн жарыялады.

Мэриянын басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде мындан ары айдоочу жол эрежесин бузбашы үчүн муниципалитет кызматкери менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгүн билдирди.

Бишкектин мэринин унаасы тараптан жол эрежесинин бузулушу тартылган видео drive2.kg сайтына 3-апрель күнү жарыяланган.

Мэрдин өзү ал маалда унаанын ичинде болбогондугун билдирди. Ал айдоочусун жазалай тургандыгын убадалады, бирок азырынча кандайча жол менен жазалаары белгисиз.

Автор: Эмилия Шермамат кызы