Сүлүктүдөгү шахтада истүү газ менен ууланып бир киши каза болду

29-апрелден 30-апрелге караган түнү Баткен облусунун Узун-Сай шахтасында үч адам истүү газ менен ууланды, деп билдирүүдө ӨКМ. Жардамга барган медицина кызматкерлери алардын экөөсүн сактап кала алышкан, дагы бирөөсү каза болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, шахтадагы ууланууга техникалык коопсуздуктардын сакталбагандыгы себеп болгон. Билдирүүгө ылайык, шахтачылар тыюу салынган аймакка кирип кетишип, үчөөсү тең истүү газ менен ууланышкан.

«Окуя 29-апрелде саат 23:00дө болгон. Бизге «Узун-Сай» шахтасында үч кишинин уулангандыгы тууралуу билдирүү келди, анан шаардык биринчи куткаруучу мобилдүү топ окуя болгон жерге чыгып кеткен», —  деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

Шахтадан Баткен облусунун 1969-жылы туулган жашоочусу Жалилов Рузубай менен 1975-жылы туулган Бахадыр Тагаевди алып чыгышып, аларга медициналык жардам көрсөтүшкөн. Дагы бир тоо жумушчусу — 46 жаштагы Набижон Бабаевдин өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Көмүртектин монооксиди катары да (химиялык формуласы: СО) белгилүү болгон истүү газ — бул өңү-түсү, жыты жок уулуу газ. Ал күйүүнүн кандай гана түрү болбосун абага кошулат. Истүү газ менен уулануу адамдын өмүрү үчүн коркунучтуу — аз өлчөмдөгү истүү газды жыттоо адамды энтиктирип, башын айлантат. Ал эми өтө катуу уулануу адамдын эс-учун жоготуп, денесин тырыштыруу менен өлүмгө алып келет.