Бишкектин чыга беришиндеги ири жол кырсыгынан жети киши мерт кетти

Чүй облустук ИИБсинин маалыматы боюнча, Ысык-Ата районундагы унаа кырсыгынан жети киши каза болуп, дагы бири жаракат алды. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, эки жеңил унаа бетме-бет сүзүшүшкөн. Кырсыктан улам милиция жолду бир нече саатка жапты.

Чүй облустук ИИБсинен Kloop.kgге кырсыктан улам жети кишинин каза болгондугун ырасташып, дагы бир киши жаракат алгандыгын кошумчалашты.

Милициядан кырсык тууралуу тагыраак маалыматтын жоктугун айтышып, андан ары комментарий берүүдөн баш тартышты.

«АКИпресс» маалымат агенттиги Жол кайгуул кызматына шилтеме жасоо менен кырсык болжол менен кечки саат жети жарымдарда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 8-чакырымында, Бишкектин түндүк-чыгышындагы Ысык-Ата районунда орун алгандыгын билдирди.

Эки унаанын — «Ауди 100» менен «Хюндайдын» сүзүшкөнү кабарланууда.

«Хюндай» үлгүсүндөгү унаадан 30-35 жаштардагы каза болгон эки кишини алып чыгышкан, берки унаадагылардын бешөөсү тең каза болушкан», — деп жазылган билдирүүдө.

Kloop.kgнин кечки саат сегиздер чамасында аталган жол аркылуу бара жаткан кабарчысы жол милиция кызматкерлери тарабынан жабылып тургандыгын кабарлады.

Урматтуу окурмандар, эгер сиздер бул кырсыктын күбөсү болуп, анын чоо-жайын билсеңиздер биз менен 0 772 146 500 номуру же lelik.anna@kloop.kg электрондук дареги аркылуу байланышып кабарлаңыздар.