Акыйкатчы кылмыш жасалгандыгы тууралуу жалган билдирүү таратуу жөнүндөгү мыйзамды сынга алды

Мамлекеттик укук коргоочу Бактыбек Аманбаев кылмыш жасалгандыгы тууралуу жалган маалымат таратуу жөнүндөгү кабыл алынган мыйзамды сынга алды. Документке президент тарабынан майдын ортосунда кол коюлган.

Аманбаев мыйзам өз пикирин эркин билдирүү боюнча жарандардын конституциялык укуктарына каршы келет деп эсептейт — бул тууралуу ал Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси менен болгон жолугушуусунда билдирди.

«Республиканын бир катар укук коргоо уюмдары бул өзгөртүүлөр менен макул эместиктерин билдиришип, мыйзам долбоору боюнча Жогорку соттун Конституциялык палатасына арызданышты. Андыктан бизде сөз эркиндигинин принциптери сакталат деген үмүтүбүз бар», — деди Аманбаев.

Мыйзамдын түзүүчүлөрүнүн бири, депутат Эристина Кочкорова Kloop.kgге берген маегинде Кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөр жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө каршы багытталбагандыгын билдирди.

«Ал ЖМКларга каршы багытталган эмес, а атайылап жалган маалымат тараткан абийирсиз булактарга багытталган. Жоопкерчиликти маалымат каражаты эмес, а булак тартат», — деди ал.

Эл өкүлүнүн айтымында, мыйзам «жалаа» жана «кылмыш жасагандыгы үчүн айыптоо» түшүнүктөрүн ажыратып турат.

«Эгер кимдир бирөөнү келесоо деп атаса ал абийири менен ар-намысын укуктук тартипте коргоо үчүн сотко кайрыла алат — бул жалаа. А кылмыш — бул таптакыр башкача, анткени ал коомго же адамдын укугуна кол сала турган коркунучтуу аракет», — деди Кочкорова.

«Конституциянын талаптарына каршы келбейт»

Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө  такталбаган маалымат тараткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү  каралган мыйзам долбооруна Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан 17-майда кол коюлган. Ага ылайык, кылмыш жасагандыгы жөнүндө жалган маалымат тараткандыгы үчүн адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Өзгөртүүлөр Кылмыш кодексинде буга чейин «жалган билдирүү» деп аталган 329-беренесине киргизилет.

Мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, тигил же бул адамдын кылмыш жасагандыгы жөнүндө жалган билдирүүнү атайын таратууга күнөөлүү деп табылган адам беш жүздөн эки миңге чейинки эсеп-кысап көрсөткүчү өлчөмүндөгү айып төлөө же бир жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы менен жазаланат.

Парламент жоопкерчиликке тартылчу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө маалымат таратуу инсандын абийирине жана ар намысына шек келтирген маалымат таратууга караганда таптакыр башкача кесепет келтирет деген чечимге келген.

Өз билдирүүсүндө Президенттин басма сөз кызматы мыйзам долбоору башка өлкөлөрдүн укук тажрыйбаларын эске алуу менен кабыл алынгандыктан, ал Конституциянын талаптарына каршы келбей тургандыгын жана «киргизилген өзгөртүүлөр сөз эркиндигин чектебестигин, абийирге жана ар намыска шек келтирген маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчиликке тартууга жол берилбей тургандыгын» белгилеген.

Мыйзамдын сындалышы

Документ иштелип жаткан маалда укук коргоочулардын да, бийлик тараптын да түрдүү реакциясын жараткан.

Жалган билдирүү таратуу жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылдыгы тууралуу биринчилерден болуп Кыргызстандын социал-демократтар партиясынан депутат Галина Скрипкина өткөн жылдын күзүндө эле айтып чыккан.

Бирок документтин маалымат каражаттары жана бир катар коомдук уюмдар тарабынан кескин сынга алынышынан улам ошол эле жылдын ноябрында фракция мыйзам долбоорун кайрадан чакырып алган.

Анда КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков идеядан баш тарткандыктарынын себептерин түшүндүрүп жатып, республикада сөз эркиндигинин сакталышынын маанилүү экендигин билдирген болчу.

Атамбаев тарабынан кол коюлган мыйзам долбоору «Фридом Хаус» эл аралык укук коргоо уюму тарабынан кескин сынга алынган.

Буга чейин анын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Аскат Дукенбаев жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалган билдирүү таратуу үчүн кылмыш жоопкерчилигинин киргизилиши журналисттерди ооздуктоонун күчөшүнө алып келе тургандыгын билдирген.

«Андан сырткары мыйзам Кыргызстанда ЖМКлардын өнүгүүсүнө сокку урат. Мындан улам биз тынчсызданып жаткандыгыбызды билдиребиз, мыйзам долбоору Кыргызстандагы сөз эркиндигине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Биздин уюм чет элдик эксперттердин пикирине кошулат жана Алмазбек Атамбаевди мыйзамга вето коюууга чакырат», — деп билдирген Дукенбаев 2-майда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында.

Автор:  Дарина Манасбекова