Мөңгүлөр маселеси чечилгенче «Кумтөр» кен казуу иштерин убактылуу токтотушу мүмкүн

Бийлик тарабынан «Кумтөр» ишканасынын 2014-жылга белгиленген тоо-кен иштеринин планы бекитилбегендиктен компания кендеги иштердин токтоп калуу ыктымалдыктарына кабатырланып жатат.

Эгер бийлик «Кумтөр» компаниясынын 2014-жылга белгиленген тоо-кен иштеринин планын бекитип бербесе, анда 13-июндан тарта Кыргызстандагы эң ири алтын иштетүүчү ишкананын иши убактылуу токтоп калышы мүмкүн — бул тууралуу компания тараткан пресс-релизде жазылган.

Канадалык «Центерра» ээлик кылган ишкананын маалыматына ылайык, казуу иштеринин токтошу ээлик кылган компаниянын ишмердүүлүгү менен каржылык абалына жана кирешелерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

«Кумтөр» кен казуу ишканасынын ишинин токтоп калуу ыктымалдыгынын компаниянын алдыдагы ишмердүүлүгүнө тийгизчү таасири ал токтотуулардын узактыгына да жарым-жартылай көз каранды. Компания кен ишканасы токтотулган учурдагы мүмкүн болуучу кесепеттердин анализин жүргүзө баштады жана анализ аяктагандан кийин буга карата билдирүү жасайт», — деп жазылган компаниянын пресс-релизинде.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинен Kloop.kgге казуу иштеринин жаңы планы Кыргызстандын Суу кодекси менен корголгон Давыдов мөңгүсүнө зыян келтире тургандыктан азырынча уруксат бериле электигин билдиришти.

«Эң башкы маселелердин бири болуп Давыдов мөңгүсүнө кандай таасир тийгизе тургандыгы эсептелинет. Ал планга ылайык, тоо-кен иштерин кеңейтүү мөңгүгө таасирин тийгизет, анткени аны менен кошо Кумтөр кенинин карьери да кеңейет», — деди Kloop.kgге агенттиктин басма сөз катчысы Касиет Карачолокова.

Анын айтымында, мөңгүлөргө байланышкан маселелер чечилмейинче «Кумтөрдүн» тоо-кен иштеринин планы бекитилип берилбейт.

«Азыр бардыгы тең ушул маселени чечүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Күн сайын жолугушуулар, илимий-техникалык кеңештер өткөрүлүүдө. Алар дагы экологиялык, техникалык жана экономикалык жактан өз жыйынтыктарын чыгарышкан. Бул маселенин бардык аспектилери чечилип жатат», — деди мамлекеттик агенттиктин өкүлү.

Өз кезегинде «Кумтөр» дайыма «курчап турган чөйрөнү коргоо, коопсуздук дана техникалык процесстер тармагындагы ишмердүүлүктүн жогорку стандарттарын карманып келгендигин» билдирүүдө.

«Экономикалык кыйроо»

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы байкоочу кеңештин төрагасы Орозбек Дүйшөнов «Кумтөрдүн» айланасында жаралган абал үчүн күнөөлүүлөрдү эки тараптан тең издөө керек деп эсептейт.

«Иштин планы бүгүнкү жагдайды эске алуу менен түзүлгөн эмес, бир четинен мамлекет алгачкы күндөн тарта эле ушуга көңүл буруусу керек болчу. Анткени ал жалпы улуттук байлык жана жалпы улуттук иш да», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Аны менен катар Дүйшөнов кендин ишин токтотпош керектигин кошумчалады. Айтымында, андай болгон күндө Кыргызстан чоң экономикалык зыяндарга дуушар болушу мүмкүн.

«Ишти токтотууга болбойт, анткени тоо кендерин иштетүү анын ишинин токтошу экономикалык кыйроолорго чейин алып келе турган абалга чейин жеткирилген», — деп эсептейт Дүйшөнов.

Мөңгүлөрдү коргоо

Кыргызстанда мөңгүлөрдү коргоого байланышкан экологиялык маселелер парламент тарабынан үстүбүздөгү жылдын апрелинин соңунда «Мөңгүлөр жөнүндөгү» мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин курч мүнөзгө айланды.

Кабыл алынган ал документке ылайык, «Кумтөр» сыяктуу тоо кендерин иштеткен компаниялар тоотектеринин бузулушуна алып келген ачык иштетүү ыкмасынан жер алдында иштетүү ыкмасына өтүүлөрү керек болот.

Бирок ал мыйзам долбоору Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан жактырылган эмес. Ал мындай чечимин өлкө бюджети үчүн терс экономикалык таасирлер боло тургандыгы менен түшүндүрүп, документти кайра иштеп чыгуу үчүн парламентке кайтарган.

«Бул мыйзам  бюджеттин каражаттарынын кемишине алып келээри шексиз, себеби  сунушталган мыйзамда мөңгүлөрдө, кар күрткүлөрүндө жана көп жылдык тоң таралган зонада пайдалуу кен чыккан жерлерди ачык ыкма менен иштетүүгө тыюу салынат», — деп жазган президенттин басма сөз кызматы.

Автор:  Нуржамал Жаныбекова