Кыргызстандагы үч байыркы шаарлардын калдыктары ЮНЕСКОнун мурасына киргизилди

Байыркы шаарлар болгон Суяб, Баласагун жана Невакет ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизилди. Бул шаарлар орто кылымда Улуу Жибек жолунда жайгашкан.

Тизмеге киргизүү чечими 22-июнда Катарда болуп өткөн ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар боюнча Өкмөттөр аралык комитетинин сессиясында кабыл алынган.

“Байыркы шаарлар Суяб, Баласагун, Невакет бир гана тарыхый жана маданий баалуулукка эмес, ошондой эле туристердин да көңүлүн өзүнө тартып, өлкө экономикасын өнүгүүсүнө түрткү берет”, - деп айтылат парламенттин басма сөз кызматынын кабарлоосунда айтылат.

Бул шаарлар чыгыш Азияны Борбордук Азия жана Кавказ аркылуу Европа менен бириктирген, Улуу Жибек жолунда жайгашканы менен белгилүү.

Тарыхчы Табылды Акеров Kloop.kgге берген маегинде, аталган шаарлардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди - анын айтымында алар өзүнүн диндеринин ар түрдүүлүктөрү менен уникалдуу болгон.

“Бул орто кылым доорунун быйыркы үч шаары түрк доору болгон VII-IX кылымдарды камтыйт. Бул жерде түрк тилдүү элдер жашаган. Бирок эң негизги өзгөчүлүк - бул жерде бир эле учурда ар кандай диндер жашаган - христиан, буддизм жана ислам диндери”, - деди Акеров.

Бишкектен 30 километр аралыкта жайгашкан Невакет, чоподон жасалган Будда эстелиги менен белгилүү - ал жерде кыштактар VII-XII кылымдарда пайда болгон жана Улуу Жибек жолунун боюндагы баштапкы пункт болуп саналган.

VII-XII кылымдарда пайда болгон Суяб шаары, Батыш-түрк каганатынын калаасы жана негизги саясий борбору болгондугу менен белгилүү. Батыш-түрк каганаты эрте орто кылымда ири Түрк каганаты кулагандан кийин пайда болгон.

XI кылымда Баласагун шаарынын курулушу жана өнүгүшүндөн кийин Суяб толугу менен кароосуз калган. Учурда байыркы кыштактын калдыктары азыркы Токмокко жакын жерде сакталып калган.

Баласагун, X кылымда негизделген Караханид каганатынын тушунда саясий таасирин күчөтө баштаган, бирок 1219-жылы моңголдор тарабынан алынып, XIV кылымда жок болгон.

Учурда Баласагындын ордунда Кыргызстандын кооз жерлеринен бири болгон - мурунку замандарда элдерди наманзга чакыруу үчүн азан айтылуучу Бурана мунарасы бар.