Улуттук банк биткойндорду пайдаланууга тыюу салууну каалап жатат

Виртуалдуу биткойн валюталары эч нерсе менен камсыздалбагандыктан аларды пайдалануу тобокелчиликтерге алып келет, деп эсептейт Кыргызстандын Улуттук банкы — банктын өкүлүнүн пикиринде, ал валютага өлкөдө тыюу салынышы керек. Биткойдун тарапташтары Улуттук банктын мындай билдирүүсүн «сабатсыз» деп эсептеп жатышат.

Улуттук банктын аты-жөнүн билдиргиси келбеген өкүлү Kloop.kgге берген маегинде анын мекемеси биткойдорду пайдаланууга мыйзам жүзүндө тыюу салууну каалап жаткандыгын билдирди.

Бирок азырынча виртуалдуу валюталарды пайдалануу Кыргызстандын мыйзамы менен эч кандай көзөмөлдөнбөйт жана өлкөдө аларды пайдаланууга тыюу салынышы мүмкүн эмес.

Кыргызстандын башкы банкы өзүнүн 14-июлда тараткан пресс-релизинде биткойндорду — виртуалдуу валюталарды — пайдалануу тобокелчиликтерге алып келип, «мыйзам бузуу ыктымалдыктарын» жаратышы мүмкүндүгү тууралуу жазган.

«Кыргызстандын аймагында төлөө каражаты катары виртуалдуу валюталарды, алардын ичинде биткойндорду пайдалануу биздин мамлекеттин мыйзамын бузуу болуп саналат», — деп билдирүүдө банк.

Улуттук банк биткойндорду пайдаланууда тараптардын эч кимиси милдеттенме албайт, а валютанын өзү «билинерлик материалдык камсыздоого» ээ болбойт деп кооптонуп жатат.

«Виртуалдуу валюта» уурдалса аны кайрадан кайтарууга мүмкүн эмес, анткени «виртуалдуу акча» системасында анын катышуучуларынын ким экендиги жашыруун болот жана эки тараптын тең макулдугусуз артка транзакция кылуу мүмкүн эмес», — деп жазылган билдирүүдө.

Өлкөнүн башкы банкы биткойндордун баасы суроо-талап жана сунуштар менен гана аныкталгандыктан ал алмаштыруу курстарынын өзгөргүчтүгү жана баасын жоготуу ыктымалдыгынын «чоң тобокелдиктерин» жаратат деп эсептейт.

«Улуттук банк виртуалдуу валюталар Кыргызстандын мыйзамы менен көзөмөлдөнбөйт жана бүгүнкү күндө аларга байланышкан мамилелерди көзөмөлдөөчү нормативдик-укуктук базанын жоктугун белгилөөдө», — деп жазган өлкөнүн расмий банкы.

«Сабатсыз» пресс-релиз

Биткойндорду пайдалануунун тарапташы, программист Даниил Вартанов Улуттук банктын өкүлдөрү тарабынан жазылган пресс-релизди «сабатсыз» деп эсептейт— анын айтымында, виртуалдуу валютаны пайдалануу мыйзамды бузуу болуп эсептелбейт.

«Сидердин мыйзам боюнча мыйзамдуу төлөө каражаты — бул сөзсүз түрдө Кыргызстандын аймагында кабыл алынууга тийиш болгон валюта. Бул деген Кыргыз Республикасынын аймагындагы соодагерлер башка валюталарды кабыл албай коюуга милдеттүү дегенди билдирбейт. Антпесе бизде «Вебмани» дагы, «Яндекс. Акча» дагы, ал эмес «Элсом» дагы болмок эмес», — дейт Вартанов.

Вартанов менен болгон маекти толугу менен угуу:

https://soundcloud.com/kloop-1/obfkmelve1qe

Анын айтымында, дүйнө өлкөлөрү өз валюталарын алтын менен материалдуу камсыздоодон XX кылымдын башында эле баш тартышкан — азыр Ямайкалык валюта системасы иштейт. Ага ылайык, валютанын баасы биткойндукундай эле суроо-талап жана сунуштар менен камсыздалат.

«Ошентип, виртуалдуу валюта сомдон, доллардан же башка каалаган валютадан эч нерсеси менен айырмаланбайт. Бизде — Кыргызстанда — дал АКШнын кайсыл бир жеринде тургандай эле басма станоктору турат», — деп эсептейт биткойндордун тарапташы.

Вартановдун пикиринде, виртуалдуу валютанын башкы артыкчылыгы дал борбордук башкаруучу органынын жоктугунда турат.

«Дүйнөдө бир дагы борбордук банк транзакцияны же эсептерди тосмолой албайт, транзакцияларды 7 күнгө кармап тура албайт. Кандай гана транзакция болбосун эч кандай мамлекеттик чек араларга карабастан үч секунддун ичинде өтөт», — дейт программист.

Биткойн (bitcoin) — 2009-жылы Сатоси Накамото деген каймана аттуу адамдардын тобу тарабынан негизделген виртуалдуу криптовалюта.

Анын өзгөчөлүгү башкарууда толугу менен борбордон ажыратылгандыгында.

Жаңы биткойндорду «майнингдер» менен иштеп табышат —колдонуучулар системаны коргоо үчүн өз компьютерлеринин кубаттуулугун беришет да анын ордуна жаңы биткойндорду алышат. Кийин аларды транзакциялар үчүн пайдаланууга болот.

Аны менен катар биткойндордун жалпы саны чектелген. Бүгүнкү күнгө карата 1 биткойн 340 АКШ долларына барабар.

Автор:  Амина Сулеева