Орусиядагы кылмыш ишине байланыштуу Батукаев азырынча Кыргызстанга өткөрүлүп берилбейт

Криминал төбөлү Азиз Батукаевди ага каршы Орусияда козголгон кылмыш иши боюнча өкүм чыгарылганга чейин Кыргызстанга өткөрүп берүү мүмкүн эмес.

Орусиянын Чеченстан республикасы боюнча Ички иштер министрлиги криминал төбөлү Азиз Батукаевге каршы кылмыш ишин козгоду. Ал мыйзамсыз курал-жарак алуу, сактоо жана сатуу беренелери боюнча айыпталууда.

«Батукаевдин Орусиядагы кылмыш иши боюнча болжолдуу тергөө иштери аяктап, өкүм чыгарылып, мыйзамдуу күчүнө кирип жана мөөнөтү аяктаганга чейин жогоруда көрсөтүлгөн жагдай анын суралып жаткан тарапка берилишине тоскоол болот», — деп жазган «АКИпресс» маалымат агенттиги Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын билдирүүсүн.

Кыргыз бийлиги тарабынан изделип жаткан Азиз Батукаев 30-июнда Орусия полициясы тарабынан Грозный шаарында кармалган. Криминал төбөлү Нарындагы абактан мыйзамсыз бошотулгандан кийин издөөгө жарыяланган болчу.

Батукаев Нарын шаарындагы катаал режимдеги №24 абакта (№4 тергөө абагы) 2008-жылдан бери камакта болчу.

Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу, мыйзамсыз курал сактоо сыяктуу бир нече беренелер боюнча Аламүдүн райондук соту тарабынан 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

Ал ошондой эле 2005-жылы Молдовановка айылындагы абакка барган депутат Тынычбек Акматбаев менен дагы бир нече чиновникти өлтүргөн деп күнөөлөнгөн.
Батукаевдин бошотулушу

Анын Нарындагы абактан бошотулушу — акыркы жылдардагы эң чуулгандуу окуя болуп, жогорку кызматтагы бир катар чиновниктердин кызматтан алынышына себеп болгон.

Ал эркиндикке 2013-жылдын 9-апрелинде чыккан — мындай чечимди атайын түзүлгөн медициналык комиссия менен катаал режимдеги №24 абактын дарыгерлеринин чыгарган “канындагы оор лейкоз дарты” деген корутундусуна таянып Нарын облустук соту чыгарган.

Башкы прокуратура менен Кыргызстандын парламент мүчөлөрү Батукаевдин бошотулгандыгына таң калышып, депутаттар криминал төбөлүнүн бошотулушунун себептерин иликтеп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүшкөн.

Эл өкүлдөрү иликтөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, Батукаевдин мыйзамсыз бошотулган деген токтом чыгарып, өкмөттүн беш мүчөсүн, акыйкатчыны жана Нарын шаардык сотунун төрагасын жумуштан алууну сунуштаган.

Жыйынтыгында коопсуздук боюнча вице-премьер Шамиль Атаханов менен акыйкатчы Турсунбек Акун кызматтарынан алынышкан. Кийинчерээк Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев өз каалоосу менен кызматынан кеткен.