Хакерлер Орусиянын премьери Медведевдин твиттер-эккаунтуна чабуул жасашты

Бүгүн Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин «Твиттер» социалдык түйүнүндөгү кичи блогуна чабуул жасалган — саясатчынын баракчасында алгач ал кызматтан кеткендиги тууралуу, андан соң Медведевдин «эркин фотограф» болуу ниети жөнүндөгү билдирүүлөр пайда болгон.

Орусия өкмөтүнүн басма сөз кызматы Дмитрий Медведевдин расмий аккаунтундагы акыркы билдирүүлөр чындыкка дал келбей тургандыгын билдирүүдө. Ал маалыматка ылайык, кичи блог хакерлердин чабуулуна кабылган.

«Twitterге чабуул жасалды, анда жазылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул көйгөйдүн үстүндө иштеп жатабыз», — деп жазган РИА Новости агенттиги басма сөз кызматынын билдирүүсүн.

v

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитирий Песков аккаунттун бузулушун — хакерлердин ишинин жыйынтыгы болушу мүмкүн деп божомолдоду.

«Азырынча менде эч кандай маалымат жок, бирок мен муну хакерлердин кылганы деп божомолдойм», — деди Песков.

Skrinshot-14.08.2014-93807

14-август күнү эртең менен премьер-министрдин кичи блогунда анын «өкмөттүн ишинен уялып» премьер-министрликтен кетип жаткандыгы тууралуу билдирүү жазылган.

vhКолдонуучулардын реакциясы

«Твиттердин» популярдуу колдонуучулары премьердин аккаунтуна жасалган чабуул боюнча тамаша ойлоп чыгарууга жетишишкен. Алсак, Усы Пескова аттуу эккаунт бул окуядан кийин интернет-сакциялардын киргизилиши ыктымалдыгын жазып шылдыңга алган:

1458

Ал эми белгилүү пародиялык KermlinRussia аккаунту окурмандарды алдыда «Твиттерсиз» кала тургандыктарын жазып коркуткан:

vh1