Сүрөт баян: «Дордойдун» балдары

Борбордук Азиядагы эң ири базар болуп эсептелген «Дордой» базарында канча бала иштей тургандыгын эч ким так билбейт, бирок алардын саны жүздөп саналышы мүмкүн.

Балдарды коргоо борборунун кызматкери Гладис Темирчиева «Дордойдо» иштеген балдардын жашоосун сүрөткө тарткан.
Анын уюму Бишкек боюнча иштеп жүргөн балдарга жардам берет. Бирок «Дордойдун» чоңдугу жана айланасындагы жаңы конуштардын көптүгүнөн улам анда бул көйгөй өзгөчө актуалдуу.
«Дордойдогу» балдардын жашоосу Темирчиеванын айткандары боюнча баяндалат.

Куштарбек майыптыгынан улам мектепте окуй албайт. Анын ордуна ал күн сайын өзү теңдүү башка балдар менен бирге «Дордойдо» картон чогултат да аны кийин акчага өткөрөт.gladis-dordoi_0472Бул иш менен алар апасы экөө биргеликте алектенишет, а өгөй атасы «Дордойдо» араба түртөт. Алар анча алыс эмес, «Келечек» жаңы конушунда жашашат.

Бул сыяктуу толук курамы менен базарда иштеген үй-бүлөлөр аз эмес.

Жумуштун түрлөрү балдардын жаш курагына жараша болот: 14 жашка чыга элек балдар негизинен картон чогултуу, «Дордойдун» аймагын тазалоо, сатыла турган бут кийимдерди упаковкалоо, газдалган суу сатуу сыяктуу майда жумуштар менен алектенишет. Ал эми 14 жаштан жогорку балдар болсо оорураак, бирок ошол эле маалда көп тараган жумуш түрү болуп эсептелген араба түртүү менен алектенишет.

Андан сырткары базар тымызын түрдө бир нече бөлүккө бөлүнгөн. «Дордойдо» иштеген чоңдор менен балдар ал чектерди бузушпайт жана ар ким «өз» аймагында гана иштейт.

Айгүл (солдо) аталаш бир тууганы менен бирге «Дордойдун» жанындагы жаңы конуштардын биринде турган чоң энесиникинде жашайт:gladis-dordoi_0478Иштеп жүргөн балдар жаш болгондуктан айланада болуп жаткандардын бардыгын жеңил кабыл алышат — азырынча алар мектептеги сабактарды калтыруу кандай натыйжаларга алып бараарын жакшы түшүнүшпөйт.

Аны менен катар алар кандайдыр бир деңгээлде өз курдаштарынан кыйла эле улуураак сыяктанышат — алар азырынча башка киреше булагы жок болгондуктан бул жумуштун алардын тиричилик муктаждыгы болуп эсептелээрин жакшы билишет.gladis-dordoi_0480Ошол эле учурда алар балдар бойдон калууларын улантышып, тыныгуу маалында топтун ордуна пластка бөтөлкөсү менен импровизацияланган футбол ойноого мүмкүнчүлүк табышат.gladis-dordoi_0483Мадинанын апасы акча иштеп табуу үчүн Орусияга кеткен, ошондуктан ал Айгүл сыяктуу эле чоң энесинин колунда жашайт.gladis-dordoi_0474Мадинанын чоң энеси дайыма анын жанында — башка улгайган аялдар менен бирге ал кытай бут кийимдерин целлофан пакеттерге упаковкалап иштейт.gladis-dordoi_0475Мүмкүнчүлүк болгондо балдар картон чогултуудан башка жолдор менен да акча табуу ыкмаларын издешет. Биз бул сүрөт баянды Рамазан айында тартканбыз — анда балдар бош убактыларында «Дордойдун» кардарларына жарамазан айтып, кээ бирде алардан акча алышчу.gladis-dordoi_0484Нормадан ашыкча тапкан акчаны өздөрү теңдүү эле балдар сатып жүргөн газдалган сууга жумшаса болот.gladis-dordoi_0485gladis-dordoi_0486Балдарды коргоо борборунун 2013-жылдагы  изилдөөсүнө ылайык, «Дордой» базарында иштеген балдардын көбү өздөрүнүн ким экендигин күбөлөндүрчү документтерге ээ эмес жана дээрлик эч кандай укуксуз болуп калышууда.dordoi_0501Балдарды коргоо борбору «Дордойдун» балдары үчүн күн сайын тамактануу уюштурат, ошондой эле гигиенадан тарта жеке өсүүлөргө чейинки негизги жашоо тажрыйбаларына үйрөтөт.

Борбордун кызматкерлери балдарды жөнөкөй эле санитариянын эрежелерине үйрөтүүгө гана бир нече күн жумшашкан.

Мисалы, бүгүн Мадина үчүн тамактануунун алдында кол жуу нормага айланып калган.dordoi_0502Күн сайын 80ге чукул бала Балдарды коргоо борбору өзүнүн күндүзгү борборунда уюштурган бекер түштөнүүгө келишет.dordoi_0505dordoi_0503Бул жерде балдарда тамактанып алуу гана мүмкүнчүлүгү эмес, ошондой эле аларда бири-бири менен сүйлөшүүүгө да мүмкүнчүлүктөрү болот.dordoi_0506Көбүнчө түштөнүү маалындагы өзү теңдүү балдар менен сүйлөшүүлөрдүн аркасында Куштарбек бүгүн борборго келе электегидей түнт эмес.  gladis-dordoi_0473Бирок түштөнүү аяктап, балдар кайрадан үй-бүлөлөрү үчүн эмгектенүүгө базарга кайтышат, анткени азырынча аларда башка альтернатива жок.