Бишкек шаардык соту Өмүкуловго карата чыгарылган актоо өкүмүн күчүндө калтырды

Экинчи баскычтагы сот Октябрь райондук сотунун экс-мэр Иса Өмүркуловго карата чыгарган актоо өкүмүн күчүндө калтырды. Мурунку калаа башчысы Жеңиш сейил багынын аянтын «мыйзамсыз» кыскартып, жеке тармактарга берген деп айыпталып жаткан.

Бишкектин мурунку мэринин иши боюнча соттук процесс 29-августта өттү — анда Бишкек шаардык соту төмөнкү баскычтагы Октябрь райондук сотунун актоо өкүмүн күчүндө калтырды.

Эми Өмүркуловго карата 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүнүн чыгарылышын талап кылып жаткан мамлекеттик айыптоо бул чечими боюнча акыркы баскычтагы Жогорку сотко даттанса болот.

Өмүркуловго карата актоо өкүмү 1-августта Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан чыгарылган. Ага каршы кылмыш иши өткөн жылдын декабрынын башында козголгон — экс-мэр Жеңиш сейил багынын аянтын кыскарткан деп айыпталган.

Видео: Бишкектин Октябрь райондук соту Өмүркуловду кантип актаган

Мамлекеттик айыптоонун маалыматы боюнча, Өмүркулов Бишкектин мэри болуп турган кезде сейил багынын аянты 16 гектарга кыскартылып, коммерциялык фирмаларга берилген.

Буга чейин прокуратура Өмүркуловго карата үч жылдык мөөнөткө муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу жана мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен катаал режимдеги абакка 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүнүн чыгарылышын суранган.

Ошондой эле мурунку калаа башчысы менен бирге Бишкек муниципалитетинин дагы төрт чиновниги айыпталууда — прокуратуранын маалыматы боюнча, сейил багынын аянтын жеке колдонууга берүүгө алардын да тиешелери бар болгон.

Алар үчүн мамлекеттик айыптоочу азыраак — 5 жылдан 6 жылга чейинки мөөнөткө катаал режимдеги абакка эркинен ажыратуу жазасын сураган.

Прокуратура тарабынан айып тагылгандан эки күн өткөндөн кийин ал кызматынан өз каалоосу менен кетүү боюнча арызын жазган, бирок мэрликтен кетишинин ага каршы козголгон кылмыш ишине эч байланышы жок экенин билдирген.

Видео: Өмүркулов кызматтан кетти

Өмүркулов Бишкектин мэри болуп 2010-жылдагы революциядан кийин дароо дайындалган. Ал мэр болуп турганда шаар тургундарынын арасында анын ишмердүүлүгү боюнча түрдүү пикирлер айтылып турган.

Сынчылар аны акчалардын изин жашырууга жана Бишкекте инфраструктуралык жакшыртуулардын жоктугуна айыпташса, анын тарапташтары 2013-жылы борбордо болуп көрбөгөндөн көп сандагы жолдордун оңдолгонун белгилеп келишет.