Ак-Кочкор айылындагы мектепте электр энергиясы күн батареяларынын жардамы менен өндүрүлөт — бул имаратын ушундай жол менен жылыткан Ысык-Көл облусундагы алгачкы окуу имараты.
Бул күн батареяларынын жардамы менен мектепте суу ысып, үч бөлмө — ашкана жана башталгыч класстын окуучулары билим алган эки бөлмө жылыйт.Эгер кыштын бүркөк күндөрү күн батареялары толук бойдон иштебей турган болсо жылуулук берүү автоматтык түрдө электр жылытууга которулат.Күн батареяларын алууга Эл аралык кызматташуу боюнча герман коомчулугу (GIZ) тарабынан бөлүнгөн 2,2 млн. сом жумшалган. Электр батареялар жергиликтүү бюджеттин эсебинен орнотулган.Буга чейин мектептин ордунда дүкөн жайгашкан, ал билим берүү процесси үчүн ылайыкташтырылып, кайрадан оңдолгон — терезелери жылууланып, полдору жаңы салынып, күн чогулткучтар орнотулуп, таза ысык сууга жетүү үчүн түктүктөр өткөрүлгөн.«Негизинен күн батареяларын пайдалана турган имараттар чыгыштан батышты көздөй курулат, а бул мектеп мурунку дүкөндүн имаратында болгондуктан ал түндүктөн түштүктү көздөй болуп жайгашкан, ошондуктан батареялардын толук санын орнотууга мүмкүн болгон жок», — деп түшүндүрдү GIZ уюмунун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Акжибек Бейшебаева.