«Газпром»: Кыргызстандын түндүгү үчүн газ дээрлик 13 сомго арзандайт

Кыргызстандын түндүгү үчүн жаратылыш газы дээрлик 13 сомго арзандайт, деп билдирди «Газпром-Кыргызстандын» басма сөз кызматы. 2014-жылдын октябрынан тарта 1000 кубметр газдын баасы 165 долларга чейин төмөндөйт.

Кыргызстандын түндүк облустарынын жашоочулары үчүн газга болгон баалар кубметри үчүн 12,95 сомго чейин арзандайт, деп билдирди «Газпром Кыргызстандын» басма сөз кызматы.

Компаниянын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, азыр газдын баасы 16,35 сомду түзөт.

«Газпром Кыргызстандын» билдирүүсүнө ылайык, 2014-жылдын октябрынан тарта миң кубметр газдын баасы дээрлик бир жарым эсеге — 224 доллардан 165 АКШ долларына чейин, тактап айтканда 59 долларга арзандайт.

Газдын дээрлик бир жарым эсеге арзандай тургандыгы жөнүндө президент Алмазбек Атамбаев дагы Эгемендүүлүк күнүнө карата сүйлөгөн куттуктоо сөзүндө айткан.

Президенттин басма сөз кызматы «Газпром» андан сырткары Бишкек Жылуулук электр борборуна ошол эле 165 долларлык баа менен 100 миллион кубметр газ жеткире тургандыгын жазган.

Түштүктөгү газ каатчылыгы

Атамбаев 31-августта сүйлөгөн сөзүндө өлкөнүн түштүк облустарындагы газ каатчылыгы тууралуу да айткан.

Анда ал газ каатчылыгынын 2016-жылга чейин уланаарын айтып, көйгөйдүн чечилиши катары «ал убакка чейин өлкөнүн түштүгүн үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоону» атаган. Президенттин айтымында, ал иштерге 20 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү жеңилдетилген насыя берген орусиялык «Газпром» көмөктөшөт.

Атамбаевдин айткандарына ылайык, эки жыл ичинде Кыргызстандын бийлиги менен «Газпромдун» өкүлдөрү республиканын түштүгүн газ менен камсыз кылуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча иштелип жаткан эки долбоордун — өлкөнүн түндүгүнөн түштүгүнө газ түтүгүн куруу же Баткен облусунда көмүрдөн газ өндүрүү боюнча завод куруу —  бирин тандап алышат.

«Энергетика министрлиги ал каражатты максаттуу түрдө, Ош шаары жана башка калктуу аймактардын электр энергиясы менен камсыз кылынышын жакшыртуу жана газдын ордуна электр энергиясын же башка альтернативдүү электр менен камсыздоону ишке киргизүү үчүн гана пайдаланышы зарыл. Муну өкмөт катуу көзөмөлгө алуусу керек», — деп билдирген анда президент.

Кыргызстандын түштүгүндөгү газ каатчылыгы дээрлик жарым жылдан бери уланып келет — Өзбекстан көгүлтүр отун берүүсүн 2014-жылдын апрелинде эле токтоткон.

«Газпром» өлкөдө көгүлтүр отунду бөлүштүрүү жана ташып жеткирүүгө жооптуу болгон мамлекеттик «Кыргызгаз» ишканасын сатып алгандан кийин Өзбекстан газ жеткирүү боюнча келишимди узартуудан баш тарткан.

Түштүктөгү газ каатчылыгы жарандык активисттер менен өлкөнүн ал бөлүгүндө жашаган адамдардын бир нече жолку нааразычылыктарын жараткан. Июндун башында Ошто көгүлтүр отундун жоктугуна нааразы болгон активисттер «ТезекПром» акциясын өткөрүшкөн.

Анда активисттер парламент депутаттарын эшикке чыгып, бир каптан тезек алып кетүүгө чакырышкан. Бирок акция 20 мүнөткө да созулган эмес, милиция аларды кармап баштаган.

Учурда өлкөнүн түштүгүндөгү 60 миңге чукул абонент газы жок бойдон калууда.