Бишкек: «11 миң сомго сатылган» ымыркай табылды

Ымыркайды түн ичинде Бишкектеги медициналык мекемелердин биринин жанына таштап кетишкен. Учурда биологиялык экспертиза жүргүзүлүүдө. Буга чейин милиция ымыркайдын 11 миң сомго сатылгандыгын билдирип, аны издеп жаткан.

Ымыркай кызды 18-сентябрь күнү түнкү саат 2де Бишкектин Логвиненко көчөсүндөгү медициналык мекемелердин биринин алдына таштап кетишкен, деп билдирди Ички иштер министрлиги (ИИМ).

«Алар эшиктин коңгуроосун кагып туруп качып кетишкен. Ымыркай спорттук сумкага салынган экен. Анын белгисиз адамдар тарабынан сатылган ымыркай экендигин көрсөткөн кат бар», — деп жазылган милициянын билдирүүсүндө.

Учурда ымыркай №3 балдар ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы канааттандыраарлык.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде ымыркай кызды кийинки кесепеттеринен кооптонуп калтырып кеткен болуулары мүмкүндүгүн айтты.

«Кыз алардын колунда 20 күндөй болгон. Азыр ал ооруканада. Туугандыгын аныктоо үчүн биологиялык жана башка экспертизалар белгиленди. Биз анын жоголгон ымыркайдын дал өзү экендигине ишенишибиз керек», — деди ал.

ИИМдин ыкчам бөлүмдөрү кылмыштын бетин ачып, күнөөлүүлөрдү колго түшүрүүгө багытталган ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чараларын улантып жатышат.

Тергөө иштери менен Свердлов райондук милициясынын тергөө бөлүмү алектенүүдө.

11 миң сомго сатылган

Милициянын маалыматы боюнча, ымыркай 2014-жылдын августунун аягында төрөт үйүнөн чыккандан кийин сатылган.

«Азаттык» радиосунун маалыматы боюнча, ымыркай Эльмира деген кызга 11 миң 500 сомго сатылган.

Милиция ал факты боюнча 350чү жана 124-беренелер менен каралган документтерди жасоо жана адам сатуу боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кийин кылмышка шектелип жеке акушер-гинеколог кармалган — алгач ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган, андан соң сот анын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрткөн.

«Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту шектүү акушер-гинекологдун бир жашка толо элек баласы бар болгондугуна байланыштуу камакка алууга байланышпаган баш коргоо чарасын белгилеп, ал үй камагына бошотулду», — деп билдирген милиция.

Ымыркайлардын жоголууларынын эң чуулгандуусу Кара-Суу шаарындагы базарда болгон. Анда ымыркайдын уурдалышы көзөмөл камерасына түшүп калган.

ИИМдин өкүлү Эрнис Осмонбаев ымыркайдын жоголушу тууралуу: